// //

Дипломумда "3" деген бааларым бар. Юрист болуп жумушка орношо аламбы?

2021.10.13, 14:28
884

Саламатсызбы! Мен юридикалык факультетти аяктагам. Дипломумда "3" деген бааларым бар. Бул бааларга карабай жумушка ала беришеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.10.2021, 14:29

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы! Жумушка орношордо дипломдун өзү болгону жетиштүү. Азыркы учурда ичиндеги бааларга карашпайт. Баалардан мурун адамдын жөндөмүнө, жеке мүнөзүнө жана тажрыйбасына басым жасалат.

Учурда адамдын жөндөмдөрүн "soft skill" жана "hard skill" деп бөлүп калышты.
Мисалы, "soft skill'ге" ишти илип кеткен, адамдар менен тил табыша алган, конфликтти чече билген, анализдөө, иликтөө, аракетчилдик деген сыяктуу жөндөмдөр кирет. Ал эми "hard skill'ге" болсо - чет тилдерин билүү, компьютерде иштөө жөндөмдү, кайсы бир кесиптик багытта өздөштүргөн көндүмдөр, ж.б. кирет.

Баалар дайыма эле адамдын потенциалынын көрсөткүчү боло бербейт. Андыктан, "мен 3 алып калгам, эми кантем" дебестен, көздөгөн максатыңызга умтула бериңиз. Сизге ийгилик каалайм!

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт