// //

Айызым айына эки жолу келип, угри чыгып, чачым түшүп жатат. Бул эмнеден болот?

2021.10.13, 11:35
792

Гинекологдон кеңеш сурайын дегем. Менин менструалдык циклим бузулуп жатат. Үч айдан бери айына эки жолу айызым келет. Бул нормалдуу эле көрүнүшпү? Бул этек кирим 14-сентябрда келген, эми 4-октября да келди, аралыгы 20 күн болуп жатат. Кандай кеңеш бере аласыз. Угри чыгып, чачым өтө көп түшүп жатат. Толуп да кеттим.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.10.2021, 11:38

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Өзүңүз эле гормоналдык дисбаланстын белгилери сүрөттөп берип жатасыз: салмак кошуу, безетки чыгуу, чачтын түшүшү, тремор. Сөзсүз түрдө адиске кайрылыңыз. Тилекке каршы, сизди текшерип көрмөйүн жана анализсиз эч ким сизге жардам бере албайт. Андыктан убакытты созбой гинеколог-эндокринологго барыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт