// //

Кайын атам күйөөм каза болгондо мага мындай деп көз жашымды агызды

2021.10.09, 14:47
6972

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жакшы кайын ата жөнүндө баян жарыялайбыз.

“Сен бактылуу болушуң керек!” Кайын атамдын айтканын эки кылбай бактылуу болдум. Бирок, сүйүүгө толгон жүрөгүмдө дале эки бош орун бар. Ал кимдердики экенин анан айтам.

 “Апа, болуңуз келип калышат!”, “Ииий, туфлим кана?”, “Фатамды, фатамды бергиле!”, “Прическам жакшы элеби?” Менден өткөн бактылуу киши жок. Жүрөгүм сыртка чыгып кетчүдөй согот. Келин болорума жарым гана саат калды.

Таң. Ак жоолугумду салынып сыртка чыктым. Терең дем алып, короого көз жүгүрттүм. Тигине, тоолор! Мынча жакын! Эх, кандай гана кооз жер. Ушул жерден агарып-көгөрөйүн. Ичимден тилек кылып алып, жумушка кириштим.

Сонун кайын атам бар. Уй сааганды, курут жасаганды, каймак тартканды ошол киши үйрөттү. Шаарда өскөн жаным, баары кызык көрүнүп жатты. Ар дайым жанымда жүрөт. Эшик шыпырсам, таштандыны алып коет. Картошка аарчысам, кабыгын малга берип келет. Эт туурай турган болсом, сөөктөрүн сындырып берет. Боорумду эзип, башынан өткөн күлкүлүү окуяларды айтат.

Кээде себепсиз эле “сен менин кызымсың”,-деп чекемден өөп коет.

Менин бактым туптура сегиз айга созулду. Күйөөм каза болуп калды. Ак жоолугум кара жоолукка айланды. Азыр, өзүмө келип алайынчы. Эскини эстөө кандай кыйын...

Сөлөкөткө айландым. Максатым эмне билбейм калдым. Жөн гана басып жүрөм. Ичкен тамагым даамсыз. Кара жоолук жаркырап турган көздөрүмдү муңайтты. Түндө кийимдерин кучактап алып ыйлайм. Эртең менен көр турмушту улантам. Ушинтип жүрүп алты жыл өттү.

Бир күнү кайын атам жанына чакырды.

- Кызым, баламдын арбагын сыйлап, ушунча жыл жаныбызда болгонуңа рахмат, сага ыраазыбыз. Эми кийимдериңди чогултуп шаарга бет ал. Жумуш таап, жер кыдырып, эл көр. Жаштыгыңды текке кетирбе. Айла жок, тагдыр ушундай экен. Эми өзүңдү колго ал. Сен бактылуу болушуң керек.

- Ата, мен эч жакка кетпейм!

- Кой антпе кызым, сөзүмдү эки кылба. Сенден бир гана нерсе суранам, мага бактылуу болом деп сөз бер.

Кол булгалап кала берди. Машина зуулдаган бойдон шаарга жөнөдү.

Азыр үч баланын энесимин. Сүйүктүү жумушум, жанынан артык көргөн күйөөм бар. Кыскасы, кайын атама берген убадамды аткардым.

Мындан бир топ жыл мурун айылга баргам. Машинамдан түшпөй үйдү бир саамга карап турдум. Кайын атамды көмгөндөн бери бул жер мага ээн көрүнүп калды. Бир сыйра ыйлап алып, шаарга бет алдым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт