// //

Эрозиямды күйгүзсөм балалуу боло албай каламбы? Гинеколог жооп берет

2021.10.08, 16:00
888

Саламатсызбы! Эрозияны күйгүзсө болобу? Дарыгерлер күйгүзөлү дейт. Бирок, "балалуу болбой каласың" деген сөздөр болуп жатат. Кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.10.2021, 16:17

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө эрозияны дарылоонун коопсуз ыкмалары бар жана аларды колдонуу тукумсуздукка алып келбейт. Эгерде электрокоагуляция эски метод менен колдонулса же көрсөтмөлөргө ылайык конизация жасалса, жатын моюнчасынын жабыркаган бөлүгү кесилгенде, анда өз алдынча төрөөгө таасирин тийгизип, кесарево болушу мүмкүн. Бирок, ошондо дагы тукумсуздукка чалдыгат деген нерсе жок. Эң негизгиси күйгүзүүнүн же тоңдуруунун алдында  толук текшерүүдөн өтүү керек: мазок, кольпоскопия, керек болсо, сезгенүүнүлөдү аныктап дарылоо ж.б. Андан кийин гана күйгүзүүнү (же тоңдурууну) колдонуу сунушталат.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт