// //

Дары менен бойдон түшүргөндөн кийин кан канча күндө токтойт?

2021.10.08, 14:15
2592

Саламатсызбы! Мен аборт кылдырган элем, таблетка  менен. 6-7 жума болуп калган. Буга чейин төрөгөм, эки балам бар. Түшүргөндө канча күн кан келиш керек? Меники 20 күн болду, дагы деле кан келип жатат.  Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.10.2021, 14:21

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Дары менен бойдон алдыруудан кийин, алгач 2-3 күнгө созулган көп өлчөмдөгү "выделения" келет. Андан кийин 2 жумага жакын былжыраган "выделения" келет. Болжол менен дагы 2 жума бою анча көп эмес былжыраган "выделения" күтүлөт. Ал эми кийинки этек кир бүткөндөн кийин такыр кан болбошу керек. Баары жакшы экенин билүү үчүн, медициналык аборт үчүн 2 дарыны ичкенден кийин 14 -күнү УЗИге түшүү керек. Гинекологго кайрылыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт