// //

Жатынымда суу бар экен. Бул коркунучтуу эмеспи?

2021.10.01, 14:36
1177

Саламатсызбы! Жакын да эле УЗИге түшсөм, жатынымда суу бар болуп чыкты. Ошондон бери кабатыр болуп жатам. Курбуларым боюма бүтпөй калышын айтты. Бул коркунучтуу эмеспи?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2021, 14:37

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Адатта УЗИден жатындын арткы тарабында суюктук көрүнөт. Эгер ал суюктук менструалдык циклдин орто ченинде болсо, жана жумуртка бездеринде сары тело бар экени тастыкталса, бул норма болуп саналат.

Ал эми суюктук циклдин башка учурунда болсо, этек кири учурундагы оруксунуу аялдын тынчын алып, узак убакытка чейин бойго бүтпөө ж.б.  симптомдор байкалса, анда доктурга көрүнүп, так себебин аныктоо сунушталат.

Бардык нерсе индивидуалдуу, диагноз бейтаптын арызданууларынын негизинде, анализдердин жыйынтыгы менен коюлат.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт