// //

Таарынчак жолдошумду эмне кылам? Адистен кеңеш

2021.10.01, 10:21
2079

Саламатсызбы! Атым аноним болсун. Мен 22 жаштамын.
Турмуш курганыма 3 жыл болот . Жолдошум абдан таарынчак. Сөзүбүз төп келбей калса эле көгөрөт. Бир таарынса айлап сүйлөбөй коет. Ал 26 жашта.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.10.2021, 10:24

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы! Таарынчактык балалык позициясы (детская позиция). Эгер жолдошуңуз таарынчак болсо, бул анын жеткиликтүү даражада чоңоюп, үй-бүлөнүн жоопкерчилигин алууга даяр эместигинин белгиси болушу мүмкүн. Маанилүүсү бул маалыматты сиз кандай кабыл аласыз жана мындан кийин кандай мамиле кыласыз.

Жай олтуруп сүйлөшүп, туура чечим кабыл аласыздар деп ойлойм. Ийгилик сизге! 

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт