Апамдын бул сөзүнөн кийин бир баласы бар айымга үйлөндүм
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Сүйүүдөн көңүлүм калды. Жумушка баш отум менен киришип кеттим. Туугандардан алыстадым. "Качан үйлөнөсүң" дешип тажатышты. Бир жолу катуу сүйдүм. Бирок, тагдырым эмес экен, кое берип алдым. Чынын айтканда, өзүм күнөөлүмүн, колумдан жулуп кетишти. Жумшактык кылдым.
Максатым жок. Эми акча табуу, болушунча көп. Бул колумдан жакшы келет. Бирок, үйгө баргым келбейт. Муздак батирде жалгыз жаткандан корком. Чын, корком. Бирөө тосуп алса дейм. Бирөө үчүн кыймылдагым келет. Үйгө таттууларды көтөрүп баргым келет. Аттиң...
Кечээ апам келип кетти. Келиндүү болгусу келгенин айтты. Экөөбүз тартыша кеттик. "Балам, сүйгөндөн коркпо" деди. А мен баары бир корком. Жүрөктүн ооруганы башкача экен.
Бүгүн дагы инстаграм баракчасына кирдим. Үй-бүлөсү менен бактылуу жашап жаткандай. Күйөөсүнүн сүрөтү экен. Эх, анын ордунда мен болмокмун. Күн сайын аккаунтуна көз жүгүртүп чыгам. Жөн гана... Балким унута албай жатам.
Шоро ичкени токтогом. Бир кыз келип чалап сурап калды. Күлкүсү көңүлүмдү бурду. Көздөрү жылтырап турат. Денеме бүдүрчөлөр чыгып кетти. Анан дагы жылмайганы. Жүзү кудум жаш баланыкындай таза. Арбап алды.
Артынан басып бара бердим. Байкап калды. "Сизге эмне керек?" дегенде шок болуп калдым. Кыздар менен таанышканды унутуп калыпмын. Ар нерсени сүйлөп баштадым. Күлкүсү. Дагы арбалдым.
Каалабасам дагы сүйүүгө кайра туш болдум. Бир баласы бар экенине карабай сүйдүм. Анын жанында мен өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Карап эле тургум келет. Үйлөнүүнү чечтим.
Туугандарым каршы чыкты. Турмуштан чыккан кызды аларымды колдошподу. Эмне үчүн экенин түшүнбөдүм. Эми тагдыры ошондой болгондур. Мен үчүн бул маанилүү эмес эле. Мен баары бир үйлөнөм.
Акыркы сөздү апам сүйлөдү. "Балам эми тирилди. Үйлөнбөй өтүп кетеби деп коркком. Каалганына үйлөнсүн. Болгону аты жаман жалгыздыктан алыс болсун. Үйүндө күткөнү бар экенин билсем эле болду, жүрөгүм тынч. Сезимдерди эч кимибиз башкара албайбыз. Тек гана баш ийип беребиз."
Ыраазы болдум. Туугандар ооздорун жапты. Тоюмда эч нерсе болбогондой чардашты. Келинин макташты.
Үйгө шашып баратам. Анткени мени күтүп жатышат. Бул ушундай сонун сезим экен.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум
Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм
Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат