// //

Ар кайсы кыздар менен сүйлөшкөн милиция күйөөмдөн тажадым

2021.09.28, 11:27
1723

Азыркы учурда 3 айлык боюмда бар. Турмушка чыкканыма январь айында эки жыл болот. Бир кызым бар. Күйөөм милиция. Ар кайсы кыздар менен сүйлөшөт. Мага көңүл бөлбөйт. Өзү менен өзү, ага жумуш болсо болду.
Кайын энем келгенимден бери жактырбайт. Ар бир кылган ишиме киришет. Күндө уруш. Барынан тажадым. Кетип кайра өзүм келдим. Кетип келдиң деп бетиме салат. Абысынымды мактаганы мактаган. Кичинекей иш жасаса тоону томкоргондой көрүнөт. Күйөөм менен ачык сүйлөшөйүн десем сөздү буруп кача берет. Жашоодон ушунчалык тажадым. Өзүмдүн ата-энем да түшүнбөйт. Мага кандай жардам бере аласыз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.09.2021, 11:39

Айдана Мадишова 

Психолог

Саламатсызбы урматтуу окурман! Көпчүлүк учурда башкалардын адилетсиз мамилеси өздүк баанын төмөндүгүнөн болот. Өзүңүздү кандай бааласаңыз айлана чөйрөдөгүлөр да сизге ошондой мамиле кылат. Бул учурда өзүңүздү баалап, сүйүп мамиле кылышыңыз керек.

Өздүк бааны көтөрүүнүн ар кандай жолдору бар. Интернет тармактарынан издеп тапсаңыз болот.

Жолдошуңуз менен да ачык сүйлөшүп көрүңүз. Сүйлөшүү учурунда сен күнөөлүүсүң, сен мени баалабайсын деген сыяктуу сөздөрдөн алыс болуңуз. Жөн гана жылуу сөздөр менен түшүндүргөнгө аракет кылыңыз.

Сизге ийгилик каалаймын!

 

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт