// //

Боорсокторумду бышырып берген кайын агама рахмат

2021.09.27, 17:30
4766

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Бүгүн шерине тособуз. Коноктор саат бешке чакырылган. Менде эч нерсе даяр эмес. Бир жагынан балам ыйласа, экинчи жагынан камырым ачып, чарадан агып түшө баштады. Күйөөм койду сойдурганы “убойныйга” кеткен. Тууй ата, салат дагы жасаш керек эмес беле.

Жардамдашканга киши жок. Кечээ апам чалып “сиңдиңди жиберейин” десе, “тим эле коюңуз, жетишем”,-деп төш каккылап койгом. Андан мурун кайын энем айылдан келейин десе, ага да кыйын киши көрүнүп, “убара болбоңуз, өзүм эле кылам” дегениме эмне дейсиңер. Мына эми, балама кошулуп ыйлап отурам.

Кудайымдын деле боору ооруду окшойт, кайын агамды жиберди.

Эшик тыкылдады. Күйөөм келип калды окшойт деп, чачым саксайып, көзүм кызарып чыксам кайын агам экен.

- Ой, келиңиз байке, кириңиз.

- Ооруп жатасыңбы?

- Жок, тиги, түнү менен Ысманчик ыйлап уктабай чыкты эле.

- Шаарга жумуштап келгем, кетип баратып силерге тие кетейин дегем. Актилек үйдөбү?

- Кой сойдурганы кеткен. Бүгүн конок тосмокпуз.

- Конокторун канчага чакырылган.

- Бешке.

- Эч нерсең даяр эмес турбайбы. Балаң ыйлап жатат, эмизип келе кал. Мен жөн отурбай тиги боорсогуңду кесе берейин.

Тим эле коюңуз деген да жокмун, кайра сүйүнгөн бойдон жөнөдүм. Баламды эмизип, алдын кургактап, уктатып коюп чыктым. Кайын агам боорсокторду кесип бүтүп, от жагып, жарымын бышырганга үлгүрүптүр.

Таң калып туруп калсам, “сен салаттарыңды баштай бер, мен азыр бул жакты бүтө коюп туураша коем” деди.  

Экөөбүз чогуу дасторкон даярдадык. Андан кийин күйөөм эт көтөрүп келди. Аны дагы өзү бышырды. Коноктор келгенде, “сага тоскоол болбосун деп” баламды көтөрүп бөлмөсүнө алып кирип кетти. Коноктор узап кеткиче баламдын ыйлаганын укпадым. Бир барып карасам, алдына алып терметип, кыңлдап ырдап жатыптыр.

Кайын агама аябай ыраазы болдум. Ал келбесе, ит акмагым чыгып, конокторго уят эле болмокмун. “Чоң рахмат байке” десем, “рахматыңды кой, келиниме кичине жардам берип койдум, анын эч нерсеси жок, андан көрө шорпоңон куюп берчи, бир чыны ичип алып жолго чыгайын” деди.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “себетке бир эле блок фанта кошуптур” деген туугандарын кууп чыкты

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт