// //

Аялыма гүл бергенден уялам. Жаш күйөөнүн баяны

2019.02.16, 16:55
8930

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Бул ирет аялына гүл бергенден уялган жаш күйөөнүн турмушу баяндалат.

Салам bilesinbi.kg! Силер менен өз окуямды бөлүшүүнү туура көрдүм. Балким баянымды окугандан кийин айрым эркектер ойлонуп калышаар. 

Атам апама бир да жолу белек берген эмес

26 жаштамын. Келинчегим менен 4 ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бир уулубуз бар. Жашообуз жакшы. Болгону мен романтик эмесмин.

Өзүм 3 бир тууганмын. Байкем менен карындашым бар. Атам аскер адамы. Кичинебизден катуу тартипте чоңойдук. Бир да жолу апама белек бергенин көргөн эмесмин.

Атамдай муздак адам болуп бой жеттим. Аскерге барып кызмат өтөп келдим. Кыздардын аркасынан чуркап, сүйгөнүнө жете албай кыйналып жүргөн эркектерди көрсөм ачууланам. Досторум тамашалап, "сага кийин робот аял эле чыдабаса",- деп күлүп калышаар эле.

Баары Нуржамалды жолуктурганда өзгөрдү

Соода компаниясында юрист болуп иштейм. Жаңы жыл, корпоратив. Кече ортолоп калганда, бир күлкү көңүлүмдү бурду. Бурулуп карасам 5-6 кыз телефондон бир нерсе көрүп, каткырып жатышыптыр. Арасында менин келинчегим бар экен. Көздөрүбүз чагылып кетти. Социалдык тармактан издеп таап, кат жаздым. Бат эле тил табышып кеттик. 

"Мага бир да жолу гүл бере элексиң. Мени сүйбөйсүңбү?" - деп калса, эркек деген кандай болоору жөнүндө лекция окуп кутулуп кетээр элем. 

Баш коштук. 8-мартта, сүйүшкөндөр күнүндө бир нерсе үмүт этет. А мен дайым үйүмө кур барам. Гүл саткан дүкөнгө канча ирет кирүүгө аракет кылдым. Бирок гүл көтөргөндөн уялам, аны кантип беришти билбейм. Деги койчу, аялыма белек бергенден тартынам.

Убакыт өтүп уулду болдук. Нуртилегим мени өзгөртүп, муздак жүрөгүмдү жумшарты. Балдарыма атамдай кылып катуу тарбия берем дечү элем. Андай болбоду. Баламды тиктеп эле жата берем. 

Ал күн дале эсимде

Компьютерде бир нерселерди жазып жаткам. Нуржамал бала эмизип кино көрүп олтурган. Актер жубайына гүл берип айлантып жатат. Байкатпай келинчегимди карасам, акырын жылмайып, агып келаткан көз жашын сүртүп койду. Билбейм, ичим бир нерсе болуп, өзүмдү жек көрүп кеттим.

Жумуштан чыгып, гүл саткан дүкөнгө кирип 101 роза сатып алдым. Нуржамал эшикте кир жууп жүрүптүр. Кучак толо гүл менен кирип барсам, таң калып туруп калды. "Мен сени сүйөм", - деп гүлдү узатсам шолоктоп ыйлап кирди. Бакыттын ыйы экенин билдим. 

Күн сайын жумуштан келсем маанайы ачык.

Розаларды соолутпай эки ай бапестеп бакты. Бир күнү куурап бараткандарын көрүп кейип жатыптыр, жанына барып, "Жаным, дүйнөдө гүлдүн 200 000 миңдей түрү бар, мен сага анын бирөөсүн эле бердим. Дагы 199 999 калды" , - десем, кучактап дагы ыйлап кирди.

Урматтуу эркектер, жубайларыбыздан жакшы сөздү аябайлычы! Кичинекей белек берип көңүлүн алгандан эринбейличи! Көздөрүндөгү нурду өчүрбөйлүчү! Ишенип койгула, бактылуу аял менен жашаган алда канча кызыктуу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Д
Диана Сыйдалиева
04.03.2019, 14:07

?????

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт