// //

Мен эч нерсеге кызыкпайм, өзүмдү кантип мотивация кылам?

2021.09.26, 16:56
1680

Психолог Эльвира Чокоева түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын
мотивация тууралуу суроолоруна жооп берди. Кызыктуу маектин урунтуу
учурларын төмөндөн окуңуз. Ал эми эфирди толугу менен инстаграм
баракчабыздан көрө аласыз.

- Өзүңүздөн-өзүңүз энергия алууну токтотуңуз. Бир нерсеге умтулуудан
мурун алгач эң жөнөкөй муктаждыктарды кандырыңыз. Мисалы, туура
жана убагында тамактануу, уктоо, эс алуу дегендей. Ансыз энергия
толбойт. Энергиясы жок бир нерсеге жетүү кыйын экенин айтпасам
дагы түшүнүктүү болушу керек.

- Инстаграм сыяктуу социалдык тармактардын баарында күн сайын
ийгилик, мотивация жөнүндө айтылат. Мындай карасаң, баары бир
нерсе менен алектенип, кайдадыр шашып, жыргап жашап жаткандай
образ калтырат. Эгер адам бир нерсеге умтулбаса, тактап айтканда
мотивациясы жок болсо, анда аны соо эмес деп ойлошот. Бирок, ал
жөн гана социалдык тармак экенин эскерте кетейин. Чынында, андай
эмес. Аларды көрүп алып, менде бир нерсе туура эмес экен деп
ойлобоңуз, өзүңүздү басынтпаңыз. Пауза алганды дагы билиш керек.

- Кичинекей жеңишке жетсеңиз дагы, аны майрамдап, өзүңүзгө
жагымдуу белек тартуулаганды адат кылып алыңыз. Бул нерсе өз
кезегинде чоң жеңиштерге алып барат.

- Өзүңүзгө убакыт бөлгөндү унутпаңыз. Мисалы, бизде кандай, тытынып
иштешет. Ошол эле түшкү тамактануу маалында дагы эс алышпайт. Сиз
жок дегенде жарым саатка, телефонду ары коюп, таза абада сейилдеп
дем алыңыз, даамдуу тамактаныңыз, жумушту ойлобоңуз. Анан
энергия топтоп алып кайра кирише берсеңиз болот. Сөзсүз эле түшкү
тамактанууда эмес, жумуштан кийин дагы өзүңүзгө убакыт бөлүңүз.
Болбосо мотивациянын аркасынын чуркап жүрүп бат эле чарчап, күйүп
кетесиз.

- Каалоолоруңузга анализ жүргүзүңүз. Айталы, адам бир нерсени катуу
кааласа, аны кантип жасоо керек экени тууралуу суроо жаралбайт.
Каалайт, бирок ишке ашырганды билбейт дейли. Бул учурда ал каалоолору бирөөлөр тарабынан таңууланган болушу мүмкүн.
Ошондуктан, сиз чындап эле ошол нерсени каалап жатасызбы, жооп
бериңиз.

- Бир нерсени баштарда өткөн чактагы ийгиликтериңизди эстеңиз.
Мисалы, мурда алдыга койгон максатыңызга жеткенсиз дейли. Эми
ошол ийгилигиңизди, өжөрлүгүңүздү эстеңиз. Бул нерсе сизге дем күч
берет.

- Өзүңүздүн күчтүү тараптарыңызга көңүл буруңуз. Өзүңүзгө эмне деп
ыраазычылык билдире алаарыңызды ойлонуп көрүңүз. Эч качан
өзүңүздү басынтпаңыз, баркыңызды түшүрбөңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт