Баланын сексуалдык зомбулукка кабылганын көрсөткөн 5 белги
Психолог Инна Поляк түз эфирибизде конокто болуп, кичинекей балдардын
сексуалдык зомбулукка кабылганын кантип билсе болору тууралуу айтып
берди. Түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.
1-белги
Баланын жүрүм-турумдарында өзгөрүүлөр байкалат. Мүнөзү өзгөрөт, бир
заматта таптакыр башкача адам болуп чыга келет. Ата-энеси адаттагыдай
эркелетип кучактап же өөп коюн десе, өзүнө жолотпой качат. Жакындарынан
алыстайт. Ойго чөмүлүп, чүнчүп кетет. Сырларын эч кимге айтпайт.
2-белги
Окуусу начарлайт. Мектепке баргысы келбейт. Барса дагы сабактардан качат
же көңүлү жок отура берет. Мурда жалаң жакшы деген бааларга окуса, эми
алган баасына көңүл бөлбөй деле калат. Мурда жаккан курстарына көңүл
барбайт, унутат. Досторунан алыстайт. Жалгыз калганга аракет жасай
баштайт. Эч кимге көрсөтпөй ыйлагынан көздөрү айтып турат.
3-белги
Уялат. Мурда сабактан келгенде жөн эле кийимдерин алмаштырса, эми уяла
баштайт. Тактап айтканда, мектепте же үйдө чечинип-кийингенден уялат.
Физикалык контакттардан кача баштайт. Денесине кол тийгизбейт. Ойлонуп
эле отура берет. Кээ бир учурларда, денесин толук жапкан жеңи узун
кийимдерди киет.
4-белги
Уйкусу бузулат. Мурун сонун эле уктап жүргөн бала уйкусуздукка чалдыгат.
Түнү менен уктай албай чыгат. Коркунучтуу түштөрдү көрүп чочуйт. Сүйлөнөт.
Бөлмөсүндө жалгыз калгандан коркот. Айрым учурларда, табарсыгын кармай
албай төшөгүнө заара ушатып дагы коюшу мүмкүн.
5-белги
Денесинде түшүнүксүз тактар пайда болот. Алсак, бети-башында,
денесинде көгала тактар пайда болот. Сурасаң өзү эле кокустатып алганын
айтат. Себебин ачык айтпастан, жыгылып кеттим, тамды сүзүп алдым,
колумду кыпчып алдым, күйгүзүп алдым, ж.б дейт.
Эскертүү! Жогорудагы белгилердин баары сексуалдык зомбулукка
кабылганынан кабар бербейт. Ошентсе дагы, күмөн санап байкап калсаңыз,
ал учурда кое бербеңиз. Балаңызга жардам бергенге аракет кылып, аны
менен ачык отуруп сүйлөшүңүз. Эч качан урушуп, кол көтөрбөңүз. Чогуу
адиске барып кайрылсаңар мыкты чечим болот.