// //

Туугандарым мени карыды, эми ажырашкан кишиге чыгат деп ойлошуптур

2021.09.23, 18:20
2601

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Алгач экөөбүздүн таанышкан күнүбүз тууралуу айтып берейин.  

Кошунабыздын дөбөттөй болгон ити бар. Ар дайым көчөдөн өтүп баратсам дубалдан башын чыгарып алып үрөт. Ушу бир күнү бошонуп кетпесе экен, деп ойлом койчумун. Оозуман таптым.

Туфлимди бир жакка, сумкамды бир жакка ыргытып, этегимди көтөрүп алып чоң жол жакка багыт алдым. Артымдан күрсүлдөп тиги ит келатат. Бир убакта машина токтоп, жаш жигит эшигин ачып “отур” деди. Эшикти тарс жабарым менен иттин мурду терезеге жабышты. Кудай сактады!

Корконумдан өзүмдү кармай албай, кошунамды кошуп итти сөгүп кирдим. Жанымдагы тиги жигитти унутуп деле калыпмын.

- Сен ал итке рахмат айтышың керек.

- Эмнеге рахмат айтат экенмин! Бутумду жулуп алса эмне болмок?

- Ал сендеги жашыруун таланты ачып бербедиби.

- Эмне талант?

- Мыкты чуркайт экенсиң. Атлет болчудайсың.

Каткырып кирдик. Кайра артка барып туфлим менен сумкамды издедик.

Телефон номеримди сурайт го десем, сураган жок. Жумушума таштап коюп узап кетти. Келишимдүү, оор басырыктуу жигит болчу. Сураса берет элем. Эх, макул, деп кол шилтегеним менен ичим жаман болду. Ошол күнү жарытып деле иштей алган жокмун.

Кечинде үйгө баратсам кошунам сыртта мени күтүп туруптур.

- Кечирип кой.

- Итиңиз мага асылганын кайдан билдиңиз?

- Бир жигит келип айтып кетти. “Катуурак байлап коюңуз”,- деп иттин мойнуна атайын жип ала келиптир. Ал кимиң болот?

- Жигитим.

Эмнеге антип айтканымды өзүм деле түшүнбөй калдым. Ушунчалык сүйүндүм. Көрсө, бирөө сага кам көрсө башкача сүйүнөт турбайсыңбы.

Эртеси жумушка баратсам, жолдун боюнда күтүп туруптур.  

Болочок күйөөм менден алты жаш кичүү экенин билген туугандарым чалкасынан кетишти. “Эл эмне дейт” , “өзүң теңдүү таппай калдыңбы”, “эркек болсоң бир жөн, аял башың менен жаш жигитке чыгасыңбы”, “аның сенин акчаңа кызыгып жатат”, “эртең эле жаш бирөөнү таап кетет” ж.б.

Мени эң таң калтырганы, тайкемдин сөзү болду: “Сени жашың деле отуздан өтүп калды, чыкса ажырашкан кишиге эле чыгат, деп ойлогонбуз.”

Жигитиме барып баарын айтып бердим. “Экөөбүз баш кошпой эле коет окшойбуз”,-деп ыйладым. Унчукпай мени угуп турду. 

- Мен сени сүйөм, сенчи?

- Мен дагы.

- Ушул убакка чейин көңүлүңдү оорута турган иш кылдымбы?

- Жок.

- Сага кылган мамилем жагабы?

- Жагат.

- Менин жанымда өзүңдү коопсуз сезесиңби?

- Ооба.

- Сен эл менен бактылуу болосуңбу же мени мененби?

- Сени менен.

- Анан эмне үчүн элдин сөзүн угуп жүрөгүмдү оорутуп жатасың.

- Алар баары бир мени таштап кетериңди айтып жатышпайбы?

- Мен сага сени таштап кетиш үчүн эмес, өмүр бою жаныңда болуш үчүн үйлөнүп жатам. Мен үчүн үй-бүлө куруу бул оюнчук эмес, чоң жоопкерчилик. Ошол жоопкерчиликти көтөрө аларыма ишенип сенин колуңду сурадым. Булардын баарын айтпай эле, иш менен далилдейин дегем. Бирок, биринчи жана акыркы жолу айтып коен. Сага сөз берем, мыкты күйөө, мыкты ата болом. Ыйласаң дагы, күлсөң дагы колуңду бекем кармап турам. Сен болгону мага ишен. Анан элдин сөзүн эмес жүрөгүңдү угуп иш кылууга убада бер. 

Мурдумду тарттым, ийнине башымды жөлөдүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт