// //

Жигитиң же сүйлөшкөн кызың жөнүндө ата-энеңе кантип айтсаң болот?

2021.09.22, 15:18
1071

Жашооңдо сүйүктүү адамың пайда болдубу? Бул тууралуу ата-энеңе айткандан уялып же тынчсызданып жатасыңбы? Анда психолог Асель Суюнбаеванын кеңештерине кулак сал. Баса, түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласың (бул жерди бас).

Эскертүү! Сезимдериң тууралуу айтуунун кереги барбы же жокпу бир гана өзүң чечесиң.

1-кадам

Алгач билмексен болуп четин чыгарып көр. Мисалы, бул менен киного барам деп. Ата-энең кызып сурап баштайт. Сүйлөшүүнү улам жылдыра бербе. Атаң менен апаң сүйүктүүң бар экенин сенден эмес, башкалардан билип калса капа болуп калышы мүмкүн. Биринчи сенден угушса, ортоңордогу ишеним күчөйт.

2-кадам

Айта турган болсоң убакытты туура танда. Ата -энең бошобой, чарчап, капа болуп же бир нерсеге нааразы турганда, сүйлөшүүнү баштаба. Ыңгайлуу учур – маанайлары жакшы, чогуу кино көрүп же тамактанып отурганда ж.б.

3-кадам

Ата-энеңдин пикирин ук. Алардын оюн, жигити же сүйлөшкөн кызы жөнүндө ата -энесине кантип айтышканын сура. Мамиле курууда эмнелерди эске алуу керектигин жана кандай каталардан качуу керек экендиги боюнча кеңеш ал. Ошондо, алар сага ишенип, пикирлери сен үчүн маанилүү экенин билишет.

4-кадам

Билимге умтулганды токтотпо. Эгерде жигиттин же сүйлөшкөн кызыңдын айынан окууңду, үй жумуштарыңды таштасаң, анда сүйүктүүң кандай гана сонун болбосун, ата -энең анын сага болгон таасирин терс деп эсептейт. Тескерисинче, жакшы окуп, жакшы тарапка өзгөрсөң, анда алар сүйүктүүңө жылуу мамиле жасашат!

5-кадам

Эгерде ата -энең сенин кабарыңды жакшы кабыл албаса, таарынба. Аларга баласынын жетилгенин түшүнүүгө убакыт керек. Ар бир ата -эне үчүн, баласынын бой жеткени, мамиле кура баштаганы, баласы алардан алыстап баратканын билдирет жана муну кабыл алуу дайыма эле оңой боло бербейт. Сен аларды туура түшүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт