// //

Презервативди туура колдонуу эрежелери. Ар бир адам муну билиш керек

2021.09.22, 13:07
4725

"Ой, колдонгонду билем!" деп кол шилтешиңиз мүмкүн. Бирок, оңой көрүнгөнү менен, иш жүзүнө келгенде баары башкача болушу мүмкүн. Андыктан, бул маалыматтарды билип алуу ашыкча болбойт. 

- Өзүңүздүн өлчөмүңүздү (размер) аныктап алыңыз.

- Презервативди сөзсүз аптекадан гана сатып алыныз. Базарлардан, киосктордон, интернет жана интим дүкөндөрдөн сатып алуудан алыс болуңуз.

- Сатып алардын алдында презервативдин этикеткасында жазылган маалыматты дыкат окуп чыгыңыз.

- Эгер презервативдин тангагы бырышкан, тешилген, ачылган же мөөнөтү өтүп кеткен болсо колдонбоңуз.

- Презервативди капталга жылдырып тышын этияттык менен ачыңыз. Ачканда кайчы, бычак, тырмак менен колдонгон болбойт, презервативди кесип же айрып алышыңыз мүмкүн.

- Презервативди чыгарып бир сыйра карап чыгыңыз. Эгер ал батташып жабышчаак болсо, же кургап калса, өңү башкача боло түшсө колдонбоңуз.

- Презервативди сперма үчүн атайын чөйчөкчөсүнүн (резервуарынын) учун манжаларыңыз менен кысып кармап, ичиндеги абаны чыгарып салыңыз.

- Эрекция болуп турган жыныс мүчөнүн түбүнө чейин презервативди кийгизиңиз.

- Эгер презерватив ордунан жылып кетсе, же тытылып калса, дароо чечип башкасын колдонуңуз.

- Ар бир жыныстык актыда жаңы презерватив колдонуу зарыл. Колдонгон презевативди кайрадан колдонууга болбойт.

- Аналдык секс учурунда ар дайым лубрикант (атайын майлоочу каражат) колдонуңуз. Бул презервативдин айрылып кетүүсүн жана физиологялык жаракат алуусун алдын алат.

- Эякуляциядан кийин презервативди четинен кармап жыныс мүчөнү чыгарыңыз. Презервативди чечип, сперма агып кетпөөсин деп оозун түйүп коюу керек. Колдонулган презервативди кагаз салфеткага ороп, таштанды салына турган чакага ыргытып салыңыз.

Эсинизде болсун! Презервативди туура жана ар дайым колдонуу ВИЧтен, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт