// //

Баласы ыйлап жатса жөн эле отура берет. Төрөттөн кийинки депрессия

2021.09.22, 10:25
1541

Кыргыз Республикасынын Эне жана баланы коргоо Улуттук борборундагы “Ата-энелер мектебинин” инструктору Мээрим Эркебаева Bilesinbi.kg’ге төрөттөн кийинки депрессия тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

- Төрөттөн кийинки депрессия дароо пайда болбойт. Тактап айтканда, аял төрөтканадан чыкканда эле депрессияга түшүп калбайт. Көпчүлүк айымдар төрөп келгенден кийин түшүнүксүз бир нерсе болуп жатса, депрессия деп ойлошот. Бирок, башында 10-15 күн хандра болот, бул нормалдуу көрүнүш.

- Төрөп чыккандан кийин бат-баттан чарчап, уйкусу келип, табити жоголушу мүмкүн. Бул учурда айымдар өздөрүнө-өздөрү депрессия болуп жатам деп диагноз кое беришет. Эгер аял балага бат эле көнүп, жаңы статусуна адаптацияланып, мурдагыдай болуп жашап кетсе, анда эч кандай депрессия болбогонун билдирет.

- Аял өзүн карабай калса, уйкусуздукка чалдыкса, ачууланса, баласына көңүл бурбай, эмизгенден качса, баласы ыйлап жатса, аны байкабай ой басып отура берсе, максатын жоготсо, чүнчүп кетсе жана башка ушул сыяктуу белгилер байкалса, анда депрессияга чалдыкканынан кабар берет.

Төрөттөн кийинки депрессия өтүшүп кеткенде– аял баласынан баш тартып, кыйынчылыктарга даяр эмес экенин айтып, карабай коюушу мүмкүн.

- 10 жылдап төрөттөн кийинки депрессияда жүргөн айымдар бар. Мисалы, баланы багыш керек, үй жумуштарын жасаш керек деп, өздөрү байкабашы дагы мүмкүн.

- Менталитетибизге ылайык кыздарыбызды мыкты эне, келин болушуң керек деп айтып чоңойтобуз. Айымдар ошого жооп бергенге аракет кылышат. Өздөрүнө чоң талаптарды коюшат. Бирок, аларды аткаруу мүмкүн болбогондуктан, чүнчүй башташат. Өз каалоолорунан кечишет. Акыры барып депрессияга кабылат.

- Өзүнө болгон баасы төмөн айымдар депрессияга оңой чалдыгат.

- Бизде турмушка чыгып, дароо төрөш керек деген нерсе бар. Айымдар ошол талаптарга жооп бериш керек деп, өздөрү психологиялык жактан даяр болбосо дагы эптеп төрөп, кайын-журтунун оозун жапкылары келет. Бирок, эне болууга моралдык жактан даяр болбогондуктан, баласына болгон энелик сезимдери ойгонбой калышы мүмкүн. Баласынын курсагын тойгузуп, ден соолугун карап, ыйлатпай кам көрүү менен өз милдетин аткарап жатам деп ойлоп жашап жүрө берет. Бирок, чынында андай эмес.

- Мээрим төгүп, баласына үйрүлгөн энелер дагы төрөттөн кийинки депрессияга чалдыгат.

- Энеге колдоо керек, эң бирини күйөөсүнөн, жакындарынан. Анын абалын түшүнүп, жардам берип, керек болсо адиске кайрылуу зарыл. Өз алдынча депрессиядан чыгуу кыйын, ал эми чогуу аракет кылса бат жыйынтыкка жетишет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт