// //

Кыздарды тарбиялоодо ата-эне кетирген 5 ката

2021.09.22, 10:17
2256

Ата -энелер балдарына чын жүрөктөн жакшылыктарды гана каалашат, колунан келген нерселердин баарына берүүгө аракет кылышат. Ошол эле учурда, тарбиялоодо каталарды кетирип алышат. Психолог Асель Суюнбаева түз эфирибизде конокто болуп, кыздарды тарбиялоодо ата-энелер кетирген каталардын айрымдары жөнүндө айтып берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

1-ката

Көптөр кыздарын өткөн замандан калган стереотиптерге ылайык тарбиялайт. Кызга жакшы аял болуусуна жана үй -бүлөлүк жашоого жакшыраак ылайыкташуусуна жардам берет деп ойлогон сапаттарды ыйгарууну туура көрүшөт. Бирок азыркы заманда эч кандай чектөөлөр жок, мүмкүнчүлүктөр толтура, кыздар билим алып, бардык кесипти аркалай алышат. Андыктан, ата -энелер калыптанып калган салттарга болгон көз карашын кайра карап чыгып, баланын сезимдерине көбүрөөк көңүл бурушу керек. Мисалы, кыздарды тил алчаактыкка, жөнөкөйлүккө, унчукпай жүрүүгө, баш ийүүгө ж.б. үйрөтүшөт. Бул өз кезегинде кыздын жашоосуна терс таасирин берет. Мисалы, кыз өз чегин коргой албаган, физикалык жана психологиялык ыңгайсыздыктарга чыдап жүрө берген адам болуп бой жетет.

2-ката

Кыздарга карата көп тыюулар айтылат. Мисалы, “сен кызсың, унчукпай эле кой, аны эркек деп коет” дешет. Ооба, ата-эне “унчукпа” деп айтуу менен чыр-чатакты тынч чечип алгылары келет. Ал эми кыз бала  “унчукпа” дегенди уккандан кийин “менин оюм туура эмес экен, баалуулугу жок турбайбы” деп ойлоп калат. Бул сыяктуу сөздөрдү айтардан мурун ата-эне жакшылап ойлонушу керек.

 3-ката

“Кыздын барар жери күйөө” дешет. Кыздын барар жери күйөө гана эмес, кыздын барар жери өзүнө жаккан жумушу, өзү тандаган күйөөсү, курстары, билими ж.б. Ооба, илгери шарт ошондой эле. Бирок азыр өнүккөн заманда  минтип айтуу туура эмес болуп калат. Өзү даяр болгон убакта күйөөгө тийип, алган билиминин, тажрыйбасынын негизинде  балдарына мыкты тарбия берип жүргөн кыздарыбыз толтура. Кыздын жашоосунда үй-бүлө борбордо орун алыпэч качан чеги болбошу керек! Мисалы, турмушка чыктың, баары бүттү, үйдө отур менен калбасын. Азыр кандай гана мүмкүнчүлуктөр бар. Кыздар билим алып, жер кыдырып, бийиктиктерди багынтып жатышат. Эч качан үй-бүлө менен гана чектелип калбаш керек.

4-ката

Кыздын сырткы келбетине сын пикир айтуу дагы туура эмес. Бой жеткенде өзүнө ишенбеген, комплекстери толтура адам болуп чоңоет. Ата -эненин милдети – баланы өзүн кандай болсо ошондой кабыл алууга жана сүйүүгө үйрөтүү, анын артыкчылыгын баса белгилөө жана керек болсо кемчиликтерин кылдаттык менен оңдоо зарыл. Бул аракеттер  баланын ишенимдүү болуусуна жардам берет.

5-ката

Ата -энелер көбүнчө кыздарын ашыкча камкордук менен курчап алышат. Кыздарга эч кандай эркиндик, чечим кабыл алуу укугу берилбейт. Ар дайым ага карата тыюулар, чектөөлөр айтылат. Эгер бала ата -энесинин такай көзөмөлүндө чоңойсо, ал өз алдынча жашоого жөндөмсүз адам экенине бекем ишенет жана башка адамдар ал үчүн дайыма чечим чыгарганына көнүп калат. Кыздарга мээрим менен тарбия бериш керек. Анын келечегине терс таасир тийгизген аракеттерден алыс болуп,  тыюу салгандын ордуна насаатчы болгон эң туура.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт