// //

Күйөөм түштөн кийин мени жакшы көрөт

2019.02.14, 12:26
2241

Күйөөсүнөн көңүлү калган келиндин суроосуна bilesinbi.kg психотерапевт Карлыгаш Акимкуловадан жооп алып берди.

Саламатсызбы, менин турмушка чыкканыма 14 жыл болду, 2 балам бар. Ушунча жылдан бери кайын энем менен чогуу турам.

Башында жолдошумду аябай сүйчү элем. Экөөбүз 6 жыл кыз-жигит болуп жүрүп анан үйлөндүк. Бирок, үй-бүлөлүк жашоо башка экен, далай кыйынчылыкты көрсөттү. Кайын журтум да мени аяган жок. Ызаландым, таарындым, кыйналдым, бирок чыдадым.

Өзүнчө бөлүнүп жашаганыбызга 3 жыл болду. Кайын энемдин менден башка дагы 3 келини бар. Мен ортончусумун. Башка уулдарынын турмуштары жакшы эле. Бирок мага жабышты да калды. Дагы деле биз менен жашайт. Анысы мейличи. Мага баары бир болуп калды.

Мен күйөөмдү такыр сүйбөйм. Көргүм келбейт, көңүлүм калды. Араң жашап жүрөм. Ал болсо, эми түштөн кийин мени жакшы көрөт, сүйөт.

Ата-энени сыйлоо зарыл

Ата-эне менен бирге жашап, аларга ардактуу карылыкты камсыздоо уул келиндеринин милдети. Бул кыргыздардын эзелтен берки келаткан салты. Ошондуктан көпчүлүк үй-бүлөлөр ата-энеси, неберелери менен чогу турушат. 4 келиндин ичинен сиз менен жашоону тандап алган. Себеби, сиз чыдай аласыз, көтөрө билесиз.

Чыдап жашоонун түрлөрү болот

Өзүңүз да айтып жатасыз бардыгына чыдадым деп. Бирок чыдоонун ар кандай түрү болот.

Эгер ур-токмокко, кемсинтүүгө, чыр чатакка чыдап жүрө берсеңиз, өзүңүзгө болгон ишеним төмөндөйт, ден соолук, тагдыр бузулат.

Ал эми башкы максатка жетүу үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алуу, аларды жеңе билүү эң туура. Бул кемчилик эмес, артыкчылык болуп саналат.

Чыдамкайлык жана өжөрлүк менен гана өз максаттарыбызга жете алабыз.  

Өзүңүздүн жашооңуз үчүн жоопкерчиликти алгыла

Бирок, сиз өтө узак убакыттан бери чыдап келген окшойсуз. Максатыңызга жеткенден кийин, ал сизге кубаныч алып келген жок. Бардыгына жолдошуңузду күнөөлөп жатасыз. Бирок силер жупсуңар. Үй-бүлөлүк жашоо үчүн экөөңөрдүн тең жоопкерчилигиңер бирдей.

Качандыр бир убакта бири-бириңерди сүйгөнсүңөр. Макулдашып баш кошконсуңар. Эми өмүрлүк жолду бир басып келген жолоочуңарга, жолдошуңарга нааразы болуп жатасыз.

Өзүңүздүн жашооңуз үчүн болгон жоопкерчиликти ага, тагдырга оодарбаңыз. Бактыңызга кайдыгер болбоңуз.

Оюңузду ачык айтканды үйрөнгүлө

Таарыныч, нааразычылыктын бардыгын ичке катпай, ачык сүйлөшүүгө үйрөнгүлө. Жолдошуңузду, кайын энеңизди, балдарыңызды күнөөлөбөй, жемелебей, аларга кыйкырбай туруп пикириңизди билдириңиз. Өзүңүздү жана өз кызыкчылыгыңызды коргоңуз.  

Сүйүүдөн баш тартпаңыз

Жолдошуңуз сизди сүйөт. Бул абдан маанилүү. Сизди жакшы көрүүгө жана сүйүктүү болууга уруксат бериңиз. Сүйүүдөн баш тартпаңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт