// //

Күйөөм алимент төлөбөш үчүн 13 жылдан бери ЗАГСты кырктырбай келет. Эмне кылсам?

2021.09.07, 12:00
963

Күйөөм менен ажырашканыма 13 жыл болду. Кызым өзүмдө, азыр 13 жашта. Өзүм чоңойтуп келатам. Күйөөм менен ЗАГС кыркыла элек. Атасы үч балалуу болду, аялы бар. Кырктыралы десем баш тартып, алимент төлөбөйм деп жатат. Ушул убакка чейин айтып келе жатам. Эмне кылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.09.2021, 12:01

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сиз никени бузуу жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылсаңыз болот. Күйөөңүз макул болбосо дагы, сот соттук тартипте аныктап, 13 жылдан бери чогуу жашабай жатканыңарды эске алып ажыраштыруу чечимин чыгарып коет. Мындай учурлар көп кездешет. 

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 85-беренесинин негизинде "Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн. Демек, сиз кызыңыздын атасынын  алимент алууга толук укуктуусуз.

Бирок, алимент сиз сотко арыз менен кайрылган күндөн баштап эсептелинет. Анткени жогорудагы Үй-бүлө Кодексинин 112-беренесинин 2-бөлүгүндө "Алимент сотко кайрылган учурдан тартып берилет" деп көрсөтүлгөн. 

Ажырашууга доо арыз берип жатканда, алимент өндүрүү арызын дагы бере кетсеңиз болот. Өзүңүз жашаган аймактагы сотко кайрылыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт