// //

Баласынан баш тартса алименттен бошотулабы? Ата-энелик укуктан ажыратуу процесси

2021.09.06, 11:16
1734

Bilesinbi.kg    "Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов менен ата-эне укугунан ажыратуу процесси тууралуу маектешти.

Кандай учурда ата-эне ата-энелик укуктарынан ажыратылат?

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 74-беренесинин негизинде ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:

  • ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
  • жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
  • ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
  • балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулку боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
  • аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
  • өз балдарынын өмүрүнө же ден соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
  • жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
  • бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.

Ата-эне укугунан ажыратуу деген эмнени билдирет? Жоопко тартылабы? Кандай чаралар көрүлөт?

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 76-беренесинде ата-энелик укуктардан ажыратуунун кесепеттери көрсөтүлүп анда “Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун, ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот” деп көрсөтүлгөн. Ал жоопко тартылуу меселеси боюнча ата-эне укугунан ажратылып жоопкерчиликке тартылат деген норма жок. Бирок ата-эне (алардын бири) ата-энелик милдеттерин аткарбагандыгы боюнча жоопко тартылуучу учурлар көрсөтүлгөн. Мисалы: алимент төлөөдөн баш тартса, анда Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 77-беренесинде “жашы жетелек балдарын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багуу үчүн каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн ата-энелердин качуусу, - I категориядагы айып пул (20 000 миң сомдон 30 000 миң сомго чейин) түрүндөгү жазага алып келет” деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негизинде, эгерде “ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, ал он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келиши, 1-категориядагы айып пул салууга алып келет” деп көрсөтүлгөн.

Жөнөкөй тил менен айта турган болсом, жашы жетелек бала Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин бузса, анда анын ата-энесине балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбады деп айып пул салынат. Мен бул 61-беренени толук келтирген жокмун, беренеде кайсы куракта жашы жетелек бала бузуу жасагандыгына карап айып пулдун өлчөмү белгиленет, 1000 сомдон 7500 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Ата-энелик укуктан ажыратуу атасына, энесине жана баласына кандай таасирин тийгизет? Кандай укуктары жана милдеттеринен ажырайт?

Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун, ошондой эле балдары бар жарандар үчүн белгиленген жеңилдиктерди жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу укуктарын да жоготот. Бирок милдеттеринен ажыратылбайт. Бүгүнкү күндө кээ бир аталар баламдан баш тартсам мен алимент төлөөдөн бошотулам деген жаңылыш пикирде болушат.

Чоң ата, чон энелер ата-эне укугунан ажырата алышабы? (баланы келинден талашып жаткан учурда)

Ата-энелик укугунан ажыратуунун себептери Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 74-беренесинде көрсөтүлгөн, ошондуктан бул себептер болмоюнча ата-энелик укугунан ажыратылбайт. Ал эми келин баланы чоң ата, чоң энелерине көрсөтпөй коюсу энелик укугунан ажыратууга алып келбейт жана алар сотко энелик укугунан ажыратуу боюнча кайрыла алышпайт. Анткени КРнын Үй-бүлө кодексинин 75-беренесинде чоң ата, чоң энеси кайрыла алат деп жазылган эмес.  

Бирок, ошол эле учурда КРнын Үй-бүлө кодексинин 72-беренесинин негизинде баланын чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таянеси, ага-иниси, карындашы, эже-сиңдиси жана башка туугандары менен катташууга болгон укугу бар жана бул укугтан ажыратылуу тартиби мыйзамда жазылбаган.

Ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн кандай документтер, далилдер керектелет?

Ата-энелик укуктан ажыратуу соттук тартыпте арыздын негизинде каралат, ал эми арызга арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү, жашаган жерден тактама, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, никелешүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн органдардын корутундусу, алимент төлөбөй жаткан болсо сот аткаручулар кызматынан карызы боюнча тактама, аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо, бул боюнча тактама керек болот. Эгер өз балдарынын өмүрүнө же ден соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса анда соттун өкүмү  (дагы башка далилдердин булактары болушу мүмкүн) менен мамлекеттик алым төлөө керек болот банка.

Ата-энелик укукту кайра калыбына келтирсе болобу? Кантип?

Ооба, болот КРнын Үй-бүлө кодексинин 77-беренесинин негизинде жүргүзүлөт. Тактап айтканда “Эгерде ата-энеси жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын жана (же) балага тарбия берүү мамилесин өзгөртүшсө, алардын (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин берген арызы боюнча сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө иштер балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен каралат”.

Кандай учурда ата-энелик укукту такыр кайра калыбына келтирүүгө болбойт?

КРнын Үй-бүлө кодексинин 77-беренесинин 4-бөлүгүндө “Эгерде ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү баланын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эсепке алуу менен, ата-эненин (экөөнүн биринин) ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө доосун канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Он жашка чыккан балага карата ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү, анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана болушу мүмкүн. Демек, он жашка чыккан баланын жазуу жүзүндө макулдугу жок, ата-энелик укукту такыр кайра калыбына келтирүүгө болбойт.

Ата-энелик укуктан ажырткан учурда баланы пикири эске алынабы?

Эгерде ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү баланын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, сот баланын ой-пикирин эсепке алуу менен ишти карайт.

Ата-энелик укуктан ажыратылгандан кийин алимент төлөнөбү?

Ооба, алимент төлөөгө милдеттүү болот. Анткени КРнын Үй-бүлө кодексинин 76-беренесинин 2-бөлүгүндө “Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт” деп көрсөтүлгөн.

Үй-мүлк баланын атында болсо, ата-эне укугунан ажыратылган учурда эмне болот?

Ата-энелик укуктарынан ажыраган баланын ата-энеси (экөөнүн бири) менен андан ары чогуу жашоо маселеси турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан чечилет. Мисал КРнын турак жай кодексинин 45-беренесинин 1-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын ченеми Өкмөт тарабынан белгиленет жана бир адамга жыйырма чарчы метрден кем болбоого тийиш” деп көрсөтүлгөн. Бирок сиздин суроонун баланын атында болсо деп берилип жатат. Ошондуктан бул маселе сот тарабынан чечилет. Иш жүзүндө мындай жагдайга күбө болгон эмесмин. 

Бала кийин ата-энесинин мурастарына ээ боло алабы?

Ооба, боло алат. Анткени КРнын Үй-бүлө кодексинин 76-беренесинин 4-бөлүгүндө “Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эненин (экөөнүн биринин) баласы турак жайга менчик укугун же турак жайды пайдалануу укугун сактайт, ошондой эле ата-энеге жана башка туугандарына тууган болууга негизделген мүлк укугун, анын ичинде мураскорлук укугун сактап калат” деп көрсөтүлгөн.

Ата-эне укугуна ажыратылгандан кийин баласын көрүп кеткени келсе болобу?

Болот, бирок ага баланы көрсөтүүгө эч ким милдетүү эмес.

Жалгыз бой эне укугунан ажыратылганда баласы эмне болот? Атасына өтөбү?

Жалгыз бой эне дегенде баланын туулагандыгы тууралуу күбөлүгүндө энеси гана жазылган учурда гана түшүнөбүз. Мындай эне укугунан ажыратылса баланы башка ата-энеге берүү мүмкүн болбогондо же ата-энесинин экөө тең ата-энелик укуктарынан ажыратылган учурда анын мүлкү менен турак жай аянты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн көзөмөлчүлүгүнө өткөрүп берилет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт