// //

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары. Адис айтып берет

2019.02.12, 11:24
4433
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айкөл Турганбаева Bilesinbi.kg’ге "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун кантип алса болоорун айтып берди.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ай сайын берилчү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун ала алышат.
 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу кимдерге берилет?
  • үй-бүлөнүн курамында 16 жашка чейинки балдар болсо;
  • ар бир үй-бүлө мүчөсүнө туура келген киреше, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн төмөн болсо, тактап айтканда 900 сомдон төмөн болгон учурда берилет.

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун чектөөдө кандай кирешелер эске алынат?

Эгерде үй-бүлөдө иш абалындагы пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз, кыймылдаткычынын күчү 2000 жана андан көп куб сантиметр болгон жеңил, чарбалык, жүк ташуучу унаалар жана автобус болсо, жөлөк пул чектелбейт. 

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоодо мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.

Эске алынбайт: пенсиянын, мамлекеттик жөлөк пулдардын бардык түрлөрү, сөөк коюу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул.

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылуу зарыл.

Үй-бүлөнүн кайсы жерде катталгандыгы маанилүү эмес! 

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу кандай өлчөмдө дайындалат?

Жөлөк пулдан өлчөмү 810 сом. Эгерде үй-бүлө коэффициент белгиленген бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын калктуу конушта жашаса, анда жөлөк пул коэффициентти эске алуу менен дайындалат. 

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер керек?

  • арыз ээсинин паспорту
  • факт жүзүндө жашаган жерден үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат
  • балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • банктык эсеби жөнүндө маалымат
  • кирешелер жөнүндө маалымат. 

Зарылчылык болгон учурда кошумча документтер берилет.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу бардык документтер алынып келинген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат. 

 Дайындалган жөлөк пул кайсыл жерде төлөнөт?

"Үй-бүлөгө көмөк" банк аркылуу, банк жок болгон калктуу конуштарда почта аркылуу төлөнөт. 

Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт