// //

Келинине бир дагы жолу рахмат дебеген кайын эненин каты

2021.09.01, 15:30
5187
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
 

Бүгүн мүрзөсүнө барып куран окуттук. Эстеликтеги атын окудум. Каза болгонуна дале ишене албайм. “Чай ичебизби же жокпу” деген сөзүн сагындым. “Таң эрте ойготтуң деп” короз менен урушканын сагындым. Эшиктин алдында жүгөрү чыгарып отураган элесин сагындым.

Көптөн бери бөлмөсүнө кире элекмин. Төшөктөрүн сыртка алып чыгып жайдым. Кийимдерин жууп, үтүктөп ордуна кайра койдум. Кайын эжелерим “бөлмөнү бошотуп, керексиз нерселерди ыргытып койбойсуңбу” дешкен. Колум барбады. Кайын энемди сагында ушул жерге келип китеп окуп жатам. Жыты бар.

Дарылардын аты, врачтар койгон диагноздору жазылган кагаздардын ичинен бир барак таап алдым. Кат экен. Кыязы көз айнеги жок жазган окшойт. Сөздөрү өйдө анан ылдый экен.

“Бул оору мени алып тынат окшойт. Жеңилдим. Күрөшкөнгө алым калбады. Балдарымды деле кыйнап койдум окшойт. Алар го мейли, өз турмуштары менен алаксып кетет. Могу келиниме кабатырмын. Боорукер неме мени жоктоп ыйлай берип соолуп калбаса экен. Жанагы киносун көрсө эле ыйлайт.

Жүдөтүп жөн отургузчу эмесмин. Эми эмне кыларын билбей зеригет. Бир жумуш берип койсомбу. Бул баары бир ыйлайт. Ооруп калбаса экен.

Уктагандан корком. Турбай каламбы дейм. Анын үстүнө көп нерсени унута баштадым. Карылыкка алдырдым окшойт. Бир жолу рахмат айтып койсом болмок экен. Мени андайга үйрөтүшпөттүр.

Келиним, кызым, алтыным... Бөлмөмө киргенге ашыкчың эле, кызыгып бул катты дагы таап чыгарыңа ишенем. Кийимдеримди дагы жууган болушуң керек. Тим эле койсоң болмок.

Мен сага ыраазымын. Бетиңе айта албадым. Жакшы көрүп урушуп жатканымды билчүсүң ээ? Күлүп турап элең. Ары тур дегениме карабай катуу кучактаганың жагат эле.

Акыркы күндөрү сен жанымда болдуң. Рахмат. Кийимдерим таза, курсагым ток, башым жуулган болуп көз жумам. Рахмат. Кайын эжелериң келип бөлмөмдү бошото бер деши мүмкүн. А мен билем, сен антпейсиң. Жакин менен урушканда кайда жатарыңды билем да.

Бирөөнүн кызын жакшы көрүп калам деп эч ойлобогом. Кыздарымдан артык кыз болдуң. Кайын энең сага ыраазы. Батамды берем. Бактыңды тилейм. Көз айнегимди жерге түшүрүп алдым. Медайым келсе алып берет. Сен келгиче дагы көп нерсе жазайын дедим эле. Көрбөй жатам.”

Катты катуу кучактаган боюнча ыйлап жаттым. Артымда күйөөм көз жашын төгүп карап турду.

Мерез жүрөгүмдү эмес, мерез мүнөзүмдү кечир!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт