// //

Жигитим ала оорусу менен ооруганымды билип таштап кетти. Эмне кылам?

2021.08.28, 11:06
2032

Саламатсызбы! Мен 17 жаштамын. Көйгөйүм, денемде витилиго бар. Жигитим бар болчу, билчү эмес, ала оорусу менен ооруганымды билгенден кийин таштап кетти. Ошондон бери ойлой берем, мени эч ким албаса керек деп.

Эмнеге так менде ушул оору пайда болду? - деп ыйлаган күндөрүм көп болот. Башкаларга окшоп жүргүм келет, бирок ар дайым жамынып, сүртүнүп ала тактарды катып жүрөм, көрүнбөсүн деп.

Мага кеңеш бергилечи, эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.08.2021, 11:08

Нуриза Батырбекова

Психолог

Витилиго медицинада көп изилденбеген оорулардын бири. Өзүңүздү, организмиңиздеги өзгөрүүлөргө байкоо салып көрүңүз. Эмне болгондо күчөйт, кандайда азаят? Бул оору качан пайда болду? Тукум куушу мүмкүнбү? Андан тышкары гормоналдык фон да өз таасирин тийгизип жаткан болушу мүмкүн.

Витилиго менен күрөшүү үчүн дерматологдорго кайрылып, дарыланыңыз.

Психологдор менен да иштешүүңүз керек. Мен эч кимге жакпайм, жигитим таштап кетти, башкасы деле мени албаса керек, деп жазып жатасыз. Сиздин негизги максат өздүк бааны жогорулатуу.

Ооба, жигитиңиз кетсе кеткендир. Сиздин жашооңузда жагымсыз көрүнүш орун алды. Бул менин жашоомдогу тажрыйба.

Мени менен эмне болду? Бул менин жашоомо кандай таасирин тийгизди? Депрессияга туш болбош үчүн эмне кылам? Мени эмне кубандырат? Мен өзүмө-өзүм кам көрө аламынбы?   - деген суроолорго жооп издеңиз.

Андан тышкары сизди курчап турган жакындарыңызды, курбуларыңызды досторуңузду эстеңиз. Биздин тегерегибизде жакшы адамдар, өзүбүздү турган турпатыбыз менен кабыл алгандар абдан көп. Аларды да байкаганды үйрөнгүлө.

Өзүңүздүн өзгөчөлүгүңүздү кабыл алыңыз. Сырткы кемчилигибиз башында гана көрүнбөсө, адамдын ички жан дүйнөсүнүн сулуулугу бардыгын жууп кетет. Сизди, мүнөзүңүздү, акылыңызды, жактырган, сыйлаган, жакшы көргөн адамдар менен мамиле куруңуз.  

Бактылуу болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт