// //

Ийгилик сыры. Кочкорлук Жаркын апа күнүнө 22 уй саап, 150 литр сүт алат

2019.02.08, 18:50
2619

Алыскы Кочкор өрөөнүндө асыл тукум уй жандыктарын багып, “Ак-Бермет” мал чарбасын негиздеп, аймактарды иш менен камсыздап келаткан Жаркын Мусабаеваны кепке тарттык.

Үй-бүлөбүз менен Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара Кочкор айылында турабыз. 4 балабыз бар. Уулдарыбыздын алды үйлөнүп, учурда жолдошум экөөбүз небере тарбиялап жаткан кезибиз. Биздин аймак климаты татаал, тоолуу регион болгондуктан жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылык менен жан багат.

Көп жылдан берки асыл тукум мал асырап үзүрүн көрсөк, аз да болсо элет элин иш менен камсыз кылсак деген тилегибизди орундатуу үчүн 2-3 жыл мурун Алтай жергесинен эт-сүт багытындагы беш түрлүү (порода) мал жандыктарын алып келип, “Ак Бермет” мал чарбасын ишке киргизгенбиз.

Бир күндө 100-150 литрге сүт алабыз

Бүгүнкү күндө эч ким бышкан ашын казаныбызга салып бербесин билип, көздөгөн максатыбызга жетүү үчүн насыя алганбыз. Себеби, баасы 100-120 миң сомдон турган уйларды сатып алуу карапайым адамдардын колунан келе бербейт.

Учурда 22 саан уйубуз бар, торпоктору менен 50гө чамалап калды.

Бир күндө 100-150 литрге чейин сүт саап алабыз.

Жергиликтүү тургундардан 2 чабан жана 1 саанчыны жумуш менен камсыз кылдык.

Насыяны максатуу пайдаланса эч кандай зыяны жок

Чарба, андагы 20дан ашуун саан уй дал ушул насыянын акчасына куралган. Насыяны кайсы банктан алабыз деп көп ойлондук. Акыры “Айыл Банктын” шарттары үй-бүлөбүздүн талабына төп келди. 2-3 жыл ичинде итибиз чөп жеп, маңдай тер менен тапкан кирешебизди жакшылыкка сарптап жатабыз.

“Айыл Банктан” 2011-жылдан бери насыя алып келебиз. Кыйналып, төлөй албай калган учурлар болгон жок. Бүгүнкү күндө аталган банктан алган төртүнчү насыябызды иштетип жатабыз.

Учурдан пайдаланып элеттиктердин оорун колдон, жеңилин жерден алган “Айыл Банкка” үй-бүлөбүздүн атынан чоң ыраазычылык билдиребиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт