Видео монтаждоо үчүн бекер үч тиркеме
Инстаграм катталуучуларыбыз үчүн видео монтаждоого арналган бекер үч тиркеме менен бөлүшөбүз. Бул тиркемелерди Аndroid, IOS колдоонучулары пайдалана алат.
InShot - Video Editor
Бул тиркеменин миллиондогон колдонуучулары бар. Жаңыдан видео монтаждоону үйрөнүп жаткандар үчүн өтө ыңгайлуу.
Тиркеме аркылуу YouTube, Facebook, Instagram, TikTok, Whatsapp, Snapchat жана башка социалдык тармактар үчүн видео даярдасаңыз болот.
Видеону кесип, кошуп, аркасындагы фонду өзгөртүп, текст жана музыканы оңой эле кое аласыз. Ошондой эле бекер эффект жана өткөрүүлөр (переход) бар.
Мындан сырткары иншот аркылуу сүрөттөрдү дагы рекдаторлой аласыз.
Көчүрүп алуу үчүн: Аndroid жана IOS
Videoleap: Видео от Lightricks
Бул тиркеме iPhone и iPad колдонуучулар үчүн арналган. Видеону монтаждоо үчүн мүмкүнчүлүгү чексиз. Ар түрлүү спецэффекттер, үн эффектери, анимация, тексттердин түрлөрү. Эң башкысы хромакей жана маска бар.
Ошондой эле жаңы колдонуучулары үчүн атайын түшүндүрмөлөр берилген. Кайсы функция эмне үчүн экенин билбей калсаңыз дароо түшүндүрмө видеосун көрө коесуз. Ыңгайлуу да туурабы? Ютубдан издеп же башкалардан сурабай тиркеменин ичинен эле барын билип аласыз.
Көчүрүп алуу үчүн: IOS
GoPro Quik: видеоредактор музыкасы менен
Бул тиркеме өзгөчө видео жаратууну сүйгөндөр үчүн. Өзүнүн влогун көрүүчүлөрүнө мыкты жеңгээлде жеткирүүнү каалагандар көчүрүп алса болот.
Тиркемени көчүрүп алганда сизде эки тандоо болот. Бири GoPro, экинчиси телефон. Эгерде GoPro колдонбосоңуз телефонду тандайсыз. Дагы бир тиркемедеги жаңылануу "Mural" функциясы. Бул функция аркылуу керектүү гана кадрларды пайдалана аласыз.
Сүрөт, текст, мызыка, эффект, тема кошуу көйгөй эмес. Бардык шарттар түзүлгөн.
Көчүрүп алуу үчүн: Аndroid
А сиз кайсы тиркемени колдоносуз?