Күйөөм экөөбүздү уруштуруп рахат алган кайын эжем акыры кечирим сурады
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Анын эмнесин айтасыңар, убагында кыялы укмуш эле. Эч жерге батчу эмес. Кайда барбасын ызы-чуу салып кетчү. Бизге дагы тынчтык бербей, күйөөм экөөбүздү уруштуруп жүрдү. Анын айынан үйгө бир-эки жолу барып келдим. Жакшынакай эле жашайбыз, ошол келсе эле болду, балээ башталат.
Мен билгенден үч жолу турмушка чыкты. Абысындарым андан дагы көп экенин айтышат. Эми бирөөнүн турмушу менен ишим деле жок. Бир баласы бар. Ал азыр Москвада. Жакшынакай үйү бар эле, кредитин убагында төлөбөй жүрүп, банкка алдырып жиберди. Ошондон кийин көп ооруй баштады. Бара-бара эч кимге кереги жок болуп, акыры менин колума келип түштү.
Жолдошум экөөбүз чуркап жүрүп бир өлүмдөн алып калдык.
Дарыгерлер үмүт аз экенин айтып жатышкан, а биз бутуна тургузуп алдык. Азыр үйүбүздө, төшөктө жатат, өзүм карайм. “Эмне тамак ичесиз, шорпо жасап берейинби” десем, башын ийкеп сүйүнүп калат. “Туугандарым убара болуп аны эмне багып жатасың?” - дешет. Мага жасаган эски кылыктарын айтышат. Эми карыган адамды сыртка таштап кое албайт экенсиң. Ооба, убагында көргүлүктү көрсөткөн. Ал үчүн өзү жооп берет да, туурабы?
Күйөөм төрт бир тууган. Бирок, эжеси жолдошума эле керек. Сексенден ашкан кайын энем бар, кызын бакканга алы келбейт. Айына бир жолу айылдан кабар алганы келип турат. Бир саат араң чыдайт, кайра үйүнө качат.
“Ай, бул сен жокто жакшы эле жатат, сени көрсө эле кыңкыстап эркелей берет экен.” Кайын эжемди көргөнү келгендер ушинтип айтышат. Өзүмдүн деле бул кылыгынан кабарым бар. Макул деп унчукпайм, көңүл жетпей жатканын билем. Кайра, “кайсы жериңиз ооруп жатат”,- деп, акыбалын сурап, чайын берип коем.
Баягы күнү дагы оорусу кармап калды. Аябай кыйналып кеткенин айтып ыйлады.
- Убагында мен кылбаган иш калган жок. Канчалаган адамдарга жамандык кылдым. Эми ошонун азабын тартып жатам. Бир туугандарыма, жадакалса балама керегим жок болуп калды. Бир мүмкүнчүлүк болсо, баарын башкача кылмакмын.
- Эже, кой антпеңиз, мына бизге керексиз.
Терең дем алып колумду кармады.
- Дагы канча жашарымды билбейм, бирок мен сага гана ыраазымын. Турмушуңду далай ирет бузсам дагы, кек сактабай карап жатасың. Сен болбосоң, мен көчөдө калмакмын. Кечир эжеңди.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту
Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды
Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым