// //

Иттин этин кандай учурда жесе болот? Теолог айтып берет

2019.02.08, 10:33
6617

Окурманыбыздын, “Дарылык катары иттин, жыландын же баканын этин жесе болобу?” деген суроосуна теолог Кадыр Маликов жооп берди.

Саламатсызбы Bilesinbi.kg! Жакында тайкем катуу ооруп калды. Анализ тапшырса, “кургак учук” деп чыкты. Күндөн-күнгө арыктап баратат. Апамдар “иттин этин жеп көрсөңчү”, - десе, “иттин эти арам”, - деп баш тартып жатат. Сурайын дегеним, мусулмандар иттин, баканын же жыландын этин жесе болобу?

Исламда курандан алынган эрежелер бар. Ага ылайык, өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөш болсо, жашоону сактап калуу үчүн тыюу салынган нерселерди колдонууга уруксат берилет. Тактап айтканда, адам катуу ооруп калса, альтернативдүү дарылоо жолдору табылбаса, динибиз бака, жылан же ит сыяктуу жаныбарлардын этин жегенге уруксат берет.

Мисалы, дарыгер “препараттар жардам бербей калды, мен сизге жыландын этин жеп көрүүнү сунуштайм”, - деп айтса, мусулман адам баш тартып жебей каза болуп калса, анда ал өз өлүмүнө “күнөөкөр” болуп эсептелет.

Кээ бирөөлөр профилактика үчүн ресторан, кафелерге барып, атайын иттин этин жешет. Динибиз буга катуу тыюу салат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт