Баламды кулатып алдым. Мээси чайкалып калышы мүмкүнбү?
2021.08.04, 12:49
1486
Саламатсызбы! Менин балам 9 айлык. 2 ай мурда башында суусу нормадан бир аз ашып, бейтапканага жатып, норма болуп чыкканбыз. Анан кечээ баламды колумдан кулатып алдым. Чекеси менен килемге тийди, жарым мертдей жерден кулады. Мээси чайкалып калышы же башындагы суу көбөйүшү мүмкүнбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.08.2021, 13:09
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Баланын мээси жумшак болгондуктан, кээде жөн гана катуу силкилдетип эркелетип койсо деле жаракат ала берет. Мээ баш сөөктүн коробкасына тийген сайын чайкалат. Жарым метр бала үчүн бийик болуп саналат. Демек, мээси чайкалып калышы мүмкүн, бирок, баш сөөктүн ичиндеги кан басымы кайра козголбойт. Сөзсүз невроптологго көргөзүп коюңуз.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп