// //

“Жок” деп айтканды үйрөн!": Бизнесмен Эмил Үметалиевден 10 кеңеш

2019.02.07, 12:36
9377

Эмил Үметалиев, “Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү, жетекчиси жана коомдук ишмер.

Бизнесмен Bilesinbi.kg’нин окурмандары үчүн ийгиликке жетүүнүн сырларын айтып берет.

  1. Адамдардын ишенимине ээ бол!

Сага ишенген адамдардын саны көбөйгөндө гана кардарлардын саны көбөйөт!

  1. Бир ой тап.

Адам өзүнө эргүү берген жана талыкпай кызмат кылууга түртүп турган бир ой табышы керек. Эгерде тапкан оюңа өзүңдү арнай албасаң, анда ал ишке ашырууга татыктуу эмес ой.

  1. Ойду кантип жана кайсыл жерден табуу керек?

Эң көйгөйлүү нерсенин чечүү жолун тапкан адам – жаңы продуктунун же тейлөө кызматынын демилгечиси болуп кетиши мүмкүн.  

  1. Текшер!

Жумушуңду башкалардан эң мыкты аткарганга аракет кыл. Эгерде сенден мыктылар чыгып калса, бул ишти аларга берип салган туура болот. Анткени сен ал ишти жүрөгүң менен сүйө албай, бат муздап каласың.

  1. “Жок” деп айтканды бил, баш тартканды үйрөн.

Ишкер «жок» дегенге үйрөнүш керек. Ар кайсы кишиге акча бере бербеген, өзүнүн ишине бүт ресурстарды жумшап, каражатты сарамжалдуу колдонгон адам ийгиликтерге жетет.

  1. Алданба!

Алданган адам эч качан ишкер боло албайт. Көп же аз болгонуна карабастан акчанын 10% сактаса, ал ийгиликтүү ишкерге айланышы мүмкүн.

  1. Акчаны салым (инвестиция) катары кабыл ал.

Акчаны чыгым катары көргөн адам, ишкерлик менен алектенүүгө татыктуу эмес.

  1. Өнөктөштөр менен мамиле түзгөндү үйрөн.

Бизнес түзүү үчүн эң керектүү сапаттардын бири - бул өнөктөштөр менен жакшы тил табышуу.

  1. Глобалдуу ойлон, локалдуу кадам ташта.

Чоң ишти баштоо үчүн так кыймыл аракет керек. Акырындык менен кадам жасап жакшы ийгиликтерге жетсе болот. Турган жериңен башта, алың келген нерсени жасай бер, колуңда болгон ресурсту колдон.

  1. Инновация.

Келечектин муктаждыгын көрө билүү жана келечекте өзүн алдын ала тааный билүү - бул инновация. Күнүнө бир жаңы ой табууга аракет кылсаң гана инновация болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт