// //

Кыз же уул төрөөнү алдын ала пландаса болобу? Адис жооп берет

2019.02.07, 11:53
7133

“Кыздуу болгуңар келеби же уулдубу?” – деген суроону наристе күтүп жаткан жубайлар көп угат. Көбүнчө эркектер “уул” десе, аялдар кыз жөнүндө кыялданат.

Календарлык эсептөөлөрдүн пайызы өтө төмөн

Кыз же уул төрөөнү алдын ала пландаса болобу? Кеңири колдонулган календарлык эсептөө ыкмасы канчалык так? Бул суроону Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Айнура Кушубековага узаттык:

- Төрөлөр баланын эркек же кыз болоорун алдын ала аныктоочу ар түрдүү методдор, теориялар көп. Бул ыкмалардын бири да медицинада толук далилденген эмес.

Жакында кош бойлуулуктун 11 жумасында түйүлдүктүн кыз же уул болоорун аныктаган жаңы анализ пайда болду (лабораторияда жасалат). Бирок, 100 пайыз так деп кепилдик бере албайм. Айымдар кайрылып жасатып жатышат. Өкүнүчтүүсү, айрымдары жыйынтыгын билгенден кийин боюнан алдырышууда. Бул деген жыныстык дискриминация, баланын укугун бузуп жатабыз. 

Календарлык эсептөөлөрдүн пайызы өтө төмөн. Ошентсе да, колдонуп көрсө болот. Кээде кокустук болуп туура чыгып калышы ыктымал.

Баары эркектин уругунан көз каранды

Менталитетибизге ылайык, көп жубайлар уулду болгусу келет. “Жалаң кыз төрөйт деген айыпты” көбүнесе аялга коюшат. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова болочок баланын жынысы жалгыз гана эркектен көз каранды экенин айтат:

- Баланын уул же кыз болоору атасынан көз каранды. Ген аркылуу алып карасак, аялдын жумуртка клеткалары ХХ, эркектики ХУ деген хромосомалардан турат. Эгерде эркек аялга Хти берсе ХХ болуп кыз, Ути берсе ХУ болуп уул төрөлөт. 

Кыргыздар “эркек төрөйм десең, күйөөңө куйрук, боордон берип майлап бак”,- деп коюшат эмеспи. Бирок, кандайдыр бир азыкты көбүрөөк жесе уул төрөлөт деген нерселер илимий жактан далилденген эмес.

Канткен күндө да, баары жалгыз гана эркектин уругунан көз каранды. Азыркы заманда баланын жынысына маани бербей, 12 мүчөсү аман болуп төрөлүшүн тилеңиздер.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт