// //

Кайын атам мен төрөгүчө артыман калбай жүрдү

2021.07.23, 16:06
10438

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Ата тим эле коюңуз" десем болбой артыман жүрөт. Өзү жетимиштен ашып калган. Араң басып, оордугуна карабай баштыгымды көтөрүп алат. "Кызым, мага кабатыр болбо" дейт. Кантип кабатыр болбойм.

Биринчи УЗИге барганда дагы кайын атам жанымда болду. Кезекте турган келиндер экөөбүздү таң калып карашты. Ойлоруна эмне гана келген жок болуш керек. Боорум эзилди. Анализдеримдин жыйынтыгын дагы кайын атам алып келип, алып барып жатты. Кыскасы, небереси жарык дүйнөгө келсе, мыкты чоң атасы күтүп турган болот.

Кайын энем менен күйөөм чет жакка кеткен. Жолдор жабылып калганда, экөө тең келе албай калышты. Күйөөм мага, ичиндеги баласына кабатыр болуп бир күндө он жолу чалат. Кайын энем андан телефон талашып, акыбалымды сураганга шашат. Жүрөгүм оорукчан, дарыгерлер төрөт кооптуу болорун айтышткан. Аны үйдөгүлөр билет.

Кайын атам "мен келинимдин жанында болом, силер эптеп жол таап келгиле" деди. Ошентип айткандан баштап жаныман чыкпайт. Жумуш жасатпайт. Талашып жатып араң тамак жасайм. Жөн отурбай картошка аарчып берет. Жаш кезегин эстеп, кайын энемдин жүрөгүн кантип багындырганын айтып берет. Кайын атам кайын энем өзү эле ага тийип алганын айткан. Кайын энем менен сүйлөшүп жатып ушинтти деп күлсөм, боору эзилип калды. Албетте, тамаш экенин түшүнгөм.

Күйөөмдү сагындым. Кээде ага куса болуп ыйлайм. Көзүм кызарып чыкканын көргөн кайын атам жаман болот. Ары-бери басат. Өзүн коерго жер таппайт. Билем, аны дагы убара кылып жатам, бирок өзүмдү кармай албайм калам. 

"Ата!" Ичим ооруганынан бакырып ойгондум. Кайын атам чуркап келди. Тизеси ооруйт. Аксап ары-бери басып кийимдеримди чогулта баштады. Экөөбүз кошуна байцкени ойготуп төрөтканага жөнөдүк. Дарыгерлер мага толтура дары жазышты. Кайын атам чуркап дарыканаларда жүрдү. Таңга маал небереси ыңалап жарык дүйнөгө келди. Мен өзүмдү жоготуп реанимацияга кеттим. 

Турсам жанымда апам отурат. Дароо эле кайын атамды сурадым. Ал небересинин жанында экен. Жүрөгүм тынчыды. Кайын атама абдан ыраазы болдум. 

Азыр чоң атасы менен небереси аябай жакын. Экөө эртең менне эшикке чыгып кетет, кечинде келишет. Чоң атам конокко алып барат, базарга алып барат, айтор, пенсиясын чачып эле басып жүрөт. Күйөөм "бул баланы өзүм карайм" деп ичимди сылап, өөп коет. Анткени, уулубуз чоң атасын көбүрөөк жакшы көрөрүн айтат. Атасы кызганат. Чоң апасы күлөт. Баса, экинчисин күтүп жатабыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт