Этек кирим 19 жашымда башталганын апама айткандан уялам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин этек кирим 19 жашымда башталган. Ошондо кеч келген болуп саналабы? Мен апама же башка бирөөгө айткандан уялам. Эмне кылышым керек?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Адатта, этек кир эң көп дегенде 15-16 жаштан кечикпестен башталууга тийиш. Эгерде ушул курактан кечигип калса, анда гинеколог-эндокринологго кайрылып, анын себебин табап, дарылануу керек болот. Бул тууралуу айтуудан уялбоо керек, анткени этек кир кыздын ден-соолугу жана төрөттүн критерийи болуп саналат. Ал эми коркуу бул адам үчүн кадыресе көрүнүш, эң башкысы көйгөйгө көздү жумбоо жана аны жоюу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.