// //

Аялыма циститти мен жугузушум мүмкүнбү? Уролог жооп берет

2021.07.21, 15:57
1165

Саламатсызбы! Жашым 29да, үйлөнгөңүмө 4 жыл болду, балалуу боло албай жатабыз. Врачтарга көрүнсөк аялым таптаза, көйгөй менде экен. Спермамдын тирүүсүнөн өлүгү көп экен. Сурайын дегеним өлүк уруктардын аялыма зыяны барбы?  Анткени ал бир ай кошулабыз, анан цистит болуп ооруп калат. Кээде өтө катуу ооруйт. Гинекологго барып дарыланат, кайра бир айдан кийин дагы кайталана берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.07.2021, 16:16

Роман Дадажанов

Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги 

Саламатсызбы! Алгач, экөөң тең толук текшерүүдөн өтүшүңөр керек. Микробдор аныкталса, жыныстык катнашты токтотуп, дарылангыла. Кайра дагы анализ тапшырып, жыйынтыгы жакшы чыккандан кийин анан кошулуп баштасаңар болот. Сперманын өлүктөрү көп болсо, сөзсүз урологго кайрылып толук дарылануу алышыңыз керек. Дарылануу курсун баштоодон мурун УЗИДен өтүп, анализ тапшырасыз. Бизге келсеңиз, жардам бергенге аракет кылабыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы  @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт