// //

Менин жашым 19да, гонорея оорусун жуктуруп алдым. Даарыланып айыксам болобу?

2021.07.21, 13:29
1076

Саламатсызбы! Менин жашым 19да. Гонорея оорусун жуктуруп алдым. 2 айдан өтүп калды. Антибиотиктин эки түрүн колдонуп көрдүм, врачтын кеңешисиз. Даарыланып айыксам болобу же айыкпайбы? Даарылоо жолу кандай болот? Канча убакыт керек? Канча акча кетет? Медициналык сыр сакталабы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.07.2021, 13:34

Роман Дадажанов

Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги 

Саламатсызбы! Биринчиден, өз алдынча дары ичпешиңер керек эле. Эми анализдин жыйынтыктарында көйгөйлөр болот. Ошондой эле, дарыгерге барбастан туруп, гонорея деп жатасыз. Так диагноз коюу үчүн биринчи бейтапканага кайрылыңыз. Гонорея болуп чыкса, дерматологго барасыз, алар каттоого алат. Сизди гана эмес, жыныстык катнашка барган өнөктөштөрүңүздү дагы дарылоо кажет. Гонореяны дарылоо түрүнө жараша болот. Тезинен дарыгерге барыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы  @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт