// //

Айыл Банк "Айылга салым" жаңы депозитин сунуштайт

2021.07.21, 11:03
869

Айылга салым – демек, өсүп-өнгөн айылыңдын жашоо турмушун жакшыртууга салым. Депозиттик бул продукт эл-жерин сүйгөн патриот жарандардан аманаттарды тартып, аны айыл жерине багыттоо максатын көздөйт.

Ар бирибиздин түпкү тегибиз, өмүр башатыбыз айыл жери. Ошондуктан “Айыл банк” эң оболу айыл жеринин эртеңкисин ойлоп, көкөй кескен көйгөйүн чечип, жакындан жардам берүү үчүн “Айылга салым” аманатын (депозитин) сунуштап, айыл чарбасын, айыл жеринин социалдык абалын жакшыртуу, инфраструктурасын колдоо үчүн демилгелүү долбоорлорду каржылоону болжолдоодо.

Айыл жерин өнүктүрүү долбоорлору салынган каражат үчүн аманатчы өзү аныктаган чен боюнча каржыланат. Башкача айтканда, канча каражатты, кайсы мөөнөткө жана белгиленген чектин алкагында кандай пайыздык ченде саларын аманатчы өзү аныктайт. Албетте, аманат боюнча нөлдүк чендер да каралган. Элет жеринин эртеңкисине кайдыгер карабаган, өз айылын өргө сүрөп, өнүктүрөм деген уюткулуу элдин чыгаан уул-кыздары “Айыл банктын” бул демилгесин колдоп, четте калбайт деген ишеничтебиз.

«Айылга салым» – депозиттик продукту айыл жерин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргызстандын жарандарынан ресурстарды тартып, аны мобилизациялоо боюнча мамлекеттик саясатты колдоого алуу алкагында иштелип чыккан.

Депозит эки вариантта иштелип чыккан – мөөнөттүү жана мөөнөттүү-топтолмо депозити. Депозит шарттарына ылайык, ар бир кардар жол берилген маанилердин чегинде депозиттик ченди тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кардар тандаган депозит салуу мөөнөтүнө жана депозит валютасына жараша минималдуу пайыздык чен сунушталат. Депозит мөөнөтү жана валютасы чегинде алда канча жогорку чен да тандалып алынышы мүмкүн. Депозит канчалык төмөнкү пайыздык чен алдында ачылган болсо, кредиттер да төмөнкү чен боюнча берилет.

«Айылга салым» арзан финансылык ресурстарды тартуу менен аларды калайык калктын ички жыйым топтоо жигерин арттырууга багыттап, ошол аркылуу өлкө аймактарынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуу максатын көздөйт.

ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН «АЙЫЛГА САЛЫМ» МӨӨНӨТТҮҮ-ТОПТОЛМО ДЕПОЗИТИ

Депозиттин шарттары:

•Минималдуу сумма: 5000 KGS; 5000 RUB; 100 USD

•Келишим колдонулган мөөнөт ичинде 100 миллион сомдон, 100 миллион рублден, 2 миллион доллардан ашпаган өлчөмдө акча каражатын кошумча салууга жол берилет

•Пайыздар ай сайын төлөнүп турат

•Келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта, депозит жайгаштырылган айкын мөөнөт үчүн пайыздар төлөнүп берилет.

*Натыйжалуу пайыздык чен: KGS – жылдык 12,91% чейин; USD – жылдык 2,66% пайызга чейин; RUB – жылдык 6,98% чейин.

ЖЕКЕ АДАМДАР ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН «АЙЫЛГА САЛЫМ» МӨӨНӨТТҮҮ ДЕПОЗИТИ

Депозиттин шарттары:

•Минималдуу сумма: 5000 KGS; 5000 RUB; 100 USD

•Пайыздар ай сайын төлөнүп турат

•Келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта, депозит жайгаштырылган айкын мөөнөт үчүн пайыздар төлөнүп берилет.

*Натыйжалуу пайыздык чен: KGS – жылдык 8% чейин; USD – жылдык 2% пайызга чейин; RUB – жылдык 4% чейин.

Ааламга жол айылдан башталат, айылга салым “Айыл банктан” каржыланат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт