// //

Боз үйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр

2021.07.20, 15:53
9121

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуядан бери бир канча жыл өттү. Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Мен туугандарымды жамандайын деп жазып жаткан жерим жок. Болгону, баянымды окугандан кийин бирөөнүн жашоосуна кийлигишкендер азаябы деп ойлодум. 

Эки баласынын эсинде сактала электе жолдошум бизди таштап узак сапарга кетти. Эсинде сактала элек дегеним, бирөөсү эмчекте, экинчиси экиге чыга элек. Баарынан дагы иим ушул нерсеге күйүп жатты. Атасынын кандай камкор, шайыр, өзгөчө экенин көрүп калышса гана...

"Ай, бул жаш неме эртең эле бирөөгө тийип кетет", "жаш калды, эми бирөөгө тийип алышы керек", "балдарын өзү бага албайт, бирөөгө тийип алганы дурус", "тааныштарды карап чыгыш керек экен" ж.б. Мен мындай сөздөргө көнүп бүттүм. Унчукпай кутулчу болдум. Ичимдеги бооронду сыртка чыгарсам, эч кимиси соо калбайт эле. Акылсыз жандарды аядым. 

Ыйлай берип башым айланып, көзүм караңгылап, темтеңдеп араң дааратканадан келаткам. Тайкем, таежем, эки жеңем, кайын эжем болуп боз үйдүн артында сүйлөшүп туруптур. Мени чакырышты. Жаныдарына бардым. Бир кишини көрсөтүп, атын айтып, таанышып алышымды суранышты. Кеп эмнеде болуп жатканын дароо түшүндүм. Айтчу сөзүмдү баарына айтып, кайда барыштары керек экенин көрсөтүп, эсим ооп жыгылдым.

Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Апам менен байкем балдарымды алып жанымда отурат. Байкем мени көрө калып, "мени менен шаарга кетесиңби" деп сурады. Ойлонбостон макул болдум. 

Жеңем менен байкеме чоң рахмат айткым келет. Стресстен сүтүм чыкпай калды. Жеңем баласына кошум баламды эмизип, байкем бейтапканаларга ташып аябай кам көрүштү. Аларга эркелеп жата бергим келбеди. Батыраак бутума турууну кааладым. Турдум.

Мүмкүнчүлүк болору менен балдарды алып батирге чыгып алдым. Жеңем мага көнүп калганын айтып, кетиргиси келбей жаман болду. Байкем таарынды. Бирок, алардын жакшылыгын сыйлагым келди. Дагы калып калсам, сыйымды жоготмокмун. Апам айылдан келип-кетип жардам берип жүрдү. Жумушка орноштум.

Бир жылдан кийин күйөөмдүн ашына бардым. Баягылар эч нерсе болбогондой учурашып чыгышты. Ачуумду араң кармадым. Уят эмне экенин билбеген жандар экен. Көзүмө ушундай күлкүлүү көрүнүштү. Мени баарын унутуп калды деп  ойлошкон чыгар. Унутулбайт. Силер убагында кылган жамандык эч качан унутулбайт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт