Телефондон башы чыкпаган сиңдимдин жашоосун кантип өзгөртөм?
Саламатсызбы! Менин сиңдим 17 жашта. Университетте экинчи курста окуйт. Эми болсо окугусу келбей турганын айтып жатат. Эч нерсе кылбайт, pubg ойноп жата берет. Убактысынын көбүн телефондо өткөрөт, иштебейт, ата-энесин, байкелерин, эжелерин укпайт. Сиңдимдин жашоосун кантип өзгөртө алам?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Кутмандуу күнүңүз менен!
Сңдиңизге байланыштуу жагдайга карата сезимдериңиз көптөй көрүнөт. Сиз ага нааразы болуп, ачууланып жатасыз. Ошол эле учурда өзүңүздү алсыз сезүүдөсүз. Сиз сүрөттөп жаткан нерсе сизге туура келбейт, бирок, сыягы, ал үчүн нормалдуу эле болушу мүмкүн. Учурда экөөңөрдүн, ошондой эле башка бир туугандар менен диалог курууга мүмкүн болбой жатканы өкүндүрөт. Бирок, бул үй-бүлөлүк система болгондуктан, көйгөйлөрдү жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Сиңдиңиз сиз сыяктуу эле өз жашоосун көзөмөлдөп, эмне кылууну чече ала турган бой жеткен адам. Мындай кырдаалда, сиз өзүңүзгө өтө эле көп жоопкерчиликти - башка адамдын жашоосун өзгөртүүнү алып жатасыз. Бул милдетти көп учурда аткаруу мүмкүн эмес. Анткени биз башка бирөөнүн жашоосун анын макулдугусуз жана катышуусуз өзгөртө албайбыз. Эмне үчүн башка бирөөнүн жашоосун өзгөрткүңүз келип жатканын карап чыгыңыз. Эмне үчүн бул жоопкерчилик сизде? Сиңдиңизди ким камсыздап, анын көйгөйүн үй-бүлөңдө ким чечип берет? Ата-энесиби? Сизби? Ал кичүүсүбү? Ал окубай, андан ары иштебесе же үй жумуштары менен алектенбесе эмне болот?
Сезимдериңизди жана көйгөйлөрүңүздү айтып, сиңдиңиз менен дагы бир жолу сүйлөшүүгө аракет кылсаңыз болот. Бирок эң негизгиси, биринчи кезекте өзүңүздү түшүнүңүз, энергияңызды өз максаттарыңызга жумшай тургандай болуңуз. Муну адистин жардамы менен жасасаңыз дагы жакшы болот.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.