// //

Бала түнкүсүн төшөккө сийсе эмне кылуу керек? Уролог кеңеш берет

2019.02.05, 10:43
10829

Медицина илимдеринин кандидаты, улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы Азизбек Абдырасулов Bilesinbi.kg редакциясына энурез жөнүндө айтып берди.  

Энурез деп  - түнкүсүн төшөккө заара кылып койгонду айтышат. Көбүнчө 5 жаштан өйдө балдарда байкалат.

Себептери:

  • түрдүү инфекциялар
  • урологиялык оорулар
  • нерв системасынын толук калыптанбагандыгы.

Организмдин баарын, анын ичинде табарсыкты нерв системасы башкарат. Бала чоңоюп, нерв системасы калыпка келгенде, энурез өзү эле жоголот.

Ата-эненин экөө тең кичинесинде энурез менен ооруса, анда оору тукум кууп балага өтөт.

Энурездин 3 түрү болот.

  1. Жеңил - жумасына 1-2 жолу заара ушатат.
  2. Орточо - 1 күн кылат, 1 күн кылбайт.
  3. Оор - күнүгө төшөккө сийет.

Эмне кылуу керек?

  • Бала күндүз дааратканага баргысы келгенде 5-10 мүнөт токтотуп койгула. Ал заарасын кармаганга аракет кылганда, нерв системасы табарсыкты башкара баштайт.
  • Уктаар алдында суюктукту аз ичиргиле.

Баланын төшөккө заара кылганы токтобосо, молдого эмес дарыгерге кайрылгыла!

  • Энурезге чалдыккан бала кечкисин 9да уктаса, 11де ойготуп дааратканага алып баргыла. Бул аракетти 1-2 ай кайталап, кайра 11де эмес 12де ойготуп, улам-улам убакыт аралыгын чоңойткула. Жыйынтыгында рефлекс пайда болот.
  • Календарь түзүп, түнкүсүн төшөккө  сийбеген күндөрүн белгилеп, “мына карачы, азайып калды”,- деп колдоп тургула.
  • Сийип койгон баланы урушпагыла. Көп стресс болгон бала энурезге чалдыгат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт