Аял ажырашуу үчүн өз алдынча сотко кайрыла алабы же жокпу?
Саламатсызбы! Бизде мындай суроо бар эле. Сотко ажырашуу боюнча кайрылганда күйөөсүнүн макулдугу дана паспорту керек дешкен. Аял эмне үчүн ажырашууга өз алддынча сотко кайрыла албайт? Же кантип аял өзү ажырашууга арыз таштай алат? Ажырашуунун себеби үй-бүлөдөгү зордук.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгерде жубайлар келишип ажырашууга мүмкун болбогон учурда, ажырашууну каалаган жубай сотко арыз менен кайрылуусу керек. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексинин 22-беренесинин 1-бөлүгүндө жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо, же никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо, мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт, деп көрсөтүлгөн. Демек, сиздин сотко ажырашуу жөнүндө доо арыз менен кайрылууга укугуңуз бар.
Ал эми аялдар эмне үчүн өз алдынча сотко кайрыла алышпайт деген сурооңузга токтолсок, анда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 3-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасында эркектер жана аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” деп көрсөтүлгөн. Демек, аялдар өз алдынча сотко кайрылууга болбойт деген чектөө жок.
Ошондой эле, үй-бүлөдөгү ошол аялга карата болуп жаткан зомбулук боюнча милицияга арыз менен кайрылып, коргоо ордерин алууга болот экендиги жөнүндө эскертебиз.