// //

Багып алган кызым бузулуп кетти. Эненин арманы

2019.02.04, 18:16
2418

Багып алган кызына сөзү өтпөй калган эне bilesinbi.kg редакциясына кайрылып, психологдон кеңеш сурады. 

Согончогум канабай жүрүп, төрөт үйүнөн бир кыз багып алгам. Азыр кызым 21 жашта.

Кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип чоңойттум. Айтканын айткандай аткарып жүрүп кызымды бузуп алдым өңдөнөт.

Акыркы жылдары калп сүйлөп, сабактан качып, жигиттер менен сүйлөшүп, үйдөн кетип калып, айтор, мени азапка салып жүрөт.

Үй бетин көрбөй, 3-4 күндөп жок болуп кетет. Кайда барганын, эмне кылганын айтпайт. Менин жүрөгүмдү оорутуп, элге уят кылып жатканын түшүнбөйт.

Атасы менен ажырашып кеткениме 5 жылдан ашты. Өз атасы болбогондон кийин, кызы менен деле иши жок. Өзүм жалгыз бул азабым менен күрөшүп жатам.

Кызымдын кайда, эмне кылып жүргөнүн билбейм. Кандай айла кылам, айтып койгулачы сураныч? Эмнеге мени мынча азапка салды?

Сейил Калдыбаева, психолог

Урматтуу айым, бул көрүнүштүн себептери ар кандай болушу мүмкүн.

Кызыңыздын өзгөрүшүнө бул себептер түрткү болушу ыктымал:

  • Ооба, ал кызга кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирдиңиз. Балким, сиз кызды материалдык жактан гана камсыз кылууга басым жасагандырсыз. Билесизби, баланы тарбиялоодо материалдык камсыздоо жетишсиз. Баланын жан дүйнөсүн азыктандырып, туура баалуулуктарды сиңирүү өтө маанилүү.
  • Биологиялык ата-энесинен (ген) өткөн кулк-мүнөз да себепкер болушу толук ыктымал.
  • Балким, атасы менен ажырашып кеткендигиңиз ага катуу сокку болгондур.

Чыгуу жолу:

Кызыңызды жемелеп, күнөөлөп, кемчиликтерин айтпай, жай олтуруп сүйлөшүңүз. Өзүңүздүн сезимдериңизди, ага сарысана болуп жатканыңызды, аны абдан сүйөөрүңүздү айтыңыз. Кызыңыз сиз үчүн канчалык маанилүү экенин баса белгилеңиз.

Энелик мээримиңиз менен көйгөйдү жеңип чыгасыз. Кааласаңыз кызыңыз менен биргеликте психологдон кеп-кеңеш алыңыз. 

Ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт