// //

Аялымдын бул сөзүнөн кийин аны кызганбай калдым

2021.07.15, 17:00
6413

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менин баяным кыска эле. Ошентсе дагы силер менен бөлүшкүм келди. Мен аялым менен атаандаш болгум келбейт. Ошондой эле аны башкарууну каалабайм. Мен жөн гана ар дайым жанында болчу өнөктөшү болгум келет. Мен аны ушунчалык катуу сүйөм. Анын дагы мага болгон сезимдеринен күмөнүм жок. Ошентсе дагы башында мындай эмес болчумун.

Баарынан кызганат элем. Улам чалып кайда жүргөнүн сурайм. Кайра ишенбей видеочалуу жасайм. Туура эмес кылып жатканымды билем. Өзүмө өзүм ишенбегеним үчүн ушундай кылып жатканымды билем. Ойлорум жаман экенин билем. Билем, бирок өзүмдү колго алалбайм. Арытанан аңдып эле турам.

Акыры аялым мындай болбойт деп ачык сүйлөшүүгө чакырды. 

"Жаным, кызгангандын дагы чеги болуш керек. Сенин кызганычың мени муунтуп жатат. Мага аба жетпей баштады. Бул абал акыры барып ортобуздагы сыйды, сүйүүнү өлтүрөт. Билесиңби, эгер адам кете турган болсо, аны эч нерсе менен кармай албайсың. Ал каалаган күнү кетип калат. Аны аңдыйсынбы, коркутасыңбы, пайда жок. Жакшылап ойлонуп көрчү. Адам өзү кандай болсо, башкаларды дагы ошондой ойлойт. Мен мыкты жигитке турмушка чыккам деп ойлогом. Адашып калганымды тастыктап, өкүндүрбөйсүң дейм. Сен мага ишен, мен сага ишенем. Өзүн сүйбөгөн, өзүнө ишенбеген адам кызганат. Сен андай эмессиң. Туурабы?"

Ойлоп көрсөм, аялымдын сөзүндө чындык бар. Биз аларды бир буюм катары көрүп, ээлик кылгыбыз келет экен. Бирок, эч качан бирөөгө ээ боло албайбыз, анткени баарыбыз индивидалдуу инсанбыз. Жадакалса, балдарың деле чоңойгондо сенден кетет. Эч кимди кармай албайсың. Андыктан, ал адам жаныңда болгонунан ырахат алып, бактылуу болушуң керек экен. Калп эле кызгана берүүнүн кереги жок туура. 

Азыр аялым экөөбүздүн сүйүүбүз мурункудан дагы күчтүү. Ортобузда ишеним бар. Жылдар өткөн сайын биз ачык сүйлөшкөндү үйрөндүк. Бир нерсе жакпаса айтып турабыз. Ичибизге катып, сыздап жүрө бербейбиз. Көйгөйдү ачык отуруп чечиш керек экен, катып жата берсең ичиңдин баары чирип, ойлоруңду кара басат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт