// //

Колунан эч нерсе келбейт деген жеңем апамдын оозун ачырды

2021.07.12, 12:32
10463

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Байкем шаардык кызга үйлөнөрүн айтканда атам менен апам каршы болду. Колунан эч нерсе келбейт дешти. Сүрөтүн көрсөттү. Көздөрү бакырайган, чачы сары, ак жумал кыз экен. Мына, шаардык. Атам менен апам дагы баш чайкашты. Акыры, байкем жарылды.

“Эмне эле болуп жатасыңар! Мен аны сүйөм! Ага үйлөнөм, болбосо эч кимге үйлөнбөйм! Шаардыктар деле сонун оокат кылат. Элдин болбогон сөзүн сүйлөйсүңөр.”

Ыйлап бөлмөсүнө кирип кетти. Атам ойлонуп отурду дагы,  “мен макулмун” деп сыртка жөнөдү. Апам сандыгынан ак жоолугун алып чыгып күнгө жайды. Ошентип той күнү дагы белгиленди.

Түнкүсүн  саат экилерде келишти. Жол жабылып калыптыр. Жеңем уйкулуу көздөрү менен машинадан түштү. Мынча сулуу. Адамды өзүнө тартат экен. Апам каршы болуп жатканын унутуп, бетинен өөп жолугун салды. Жеңелерибиз май оозантты. Чачыла чачылды. Жаш балдар уктап калган. Мен жалгыз тердим. Эки чөнтөгүм толтура. Атам мени карап башын чайкап койду.

Көшөгөнүн көркү ачылды. Жеңем чындап эле сулуу экен. Байкем ары-бери чуркап бир орунда тура албай жатты. “Шорпо ичесиңби”, “боорсок алып келип берейинби”, “үшүгөн жоксуңбу” ж.б. деп жеңемди айланат. Ал тек гана күлүп кутулат.

Бүгүн атамдын туугандары келин көргөнү келмек. Эртең менен турсак боорсокко камыр жуурулуп, самоорго суу кайнап, эшиктер тазаланып калыптыр. Чоң үйдө дасторкон жайылып турат. Апам ким кылды деп башы катты. Карасак жеңем жүрөт.

- Апээй, кызым, сен кылдыңбы?

- Ооба, апа, уктай албай, таң эрте туруп алгам.

- Мына сага, азамат кызым. Самоорго чай кайнатканды кайдан билесиң?

- Ютубдан көрдүм.

- Аның эмне кокуй?

- Интернет, апа (күлуп).

Конокторду сонун кылып тосту. Колунан эч нерсе келбейт деп жаткан атам менен апам унчукпай отурушту. Тамакты дагы кафелердей кылып жасаптыр. Баары мактап кетишти. Апам өзүнчө эле бой көтөрүп болбой калды. Атам байкеме “бизди укпай ырас үйлөнүпсүң, азамат уулум” деди. Жеңемди баарбыз жакшы көрүп калдык. Эртең байкем экөө шаарга кетет. Жумуштары ошол жакта. Эми сагынабыз го.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт