// //

Күйөөмдүн апам үчүн кылган бул жакшылыгын эч унутпайм

2021.06.29, 14:55
9645

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Кана, кириңиз, көзүңүздү ачыңыз.

- Ой...

- Сюрприз! 

- Ой, балам, чын элеби? Көргөн көзүмө ишенбей турам... Айланып кетейиндер...

- Жактыбы апа?

Апама кошулуп мен ыйладым. Күйөөм ары-бери чуркап баарын көрсөтүп жатты. 

- Мына, апа, бул жерге жаңы столдорду алыдырттым. Бул бөлмө ванна менен туалет. Кыштын күнүндө сыртка чыкпайсыз. Ысык суусу дагы чыгат. Эми кир жууп убара болбойсуз. Машина дагы алып койдум. Бул жакта ашкана. Бул жерге жаңы керебет менен матрас койдук. Сандыгыңыз бул жерде. Сонун болуп калыптырбы? Терезелерди жаап койсоңуз, кошуналарыңыздын ызы-чуусу, койлордун маараганы угулбайт. 

- Айланайын балам, мынча убара болдуң. Мага ушул деле болмок...

- Жок, апа, эми сиз сый көрүп төрдө отура турган жашка келдиңиз. Анын үстүнө сүйгөнүмдүн апасы болосуз. Сиз кубансаңыз, ал кубанат. Ал кубанса, мен кубанам. Анан баарыбыз кубанып, беш бармак жейбиз. Туурабы?

Экөөнү карап ыйлап тура бердим. 

Мен эски жер тамда өскөм. Апам эжем экөөбүздү жалгыз тарбиялады. Атам каза болгондон кийин турмушка чыкпай койду. Кышында суук, жайында ысык. Үйдүн ар жеринен жарака кеткен. Туугандар келип жардам бергендин ордуна сынап кетишет. Классташтарым дагы "үйүң качан кулайт" деп көп шылдыңдашчу. Апам байкуш кыбырап бир нерселерди кылат. Жамгыр жааганда баары бир потолоктон суу агат эле. Түндө тазикке тамган суунун айынан уктай албай чыкчубуз. 

Кошуналар дагы үйбүзгө кирчү эмес. Апамды теңине алышпайт. Байкуш, апам ай. Ак көңүлдүгүнөн ар кимди үйгө чакыра берет эле. 

Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө үйгө чейин жеткирем десе болчу эмесмин. Бир жолу чыдабай айтып салдым. 

- Жүр, көргөзөм. Мен сага калп айта албайм. Мына, менин үйүм. Апам байкуштун тапканы эжем экөөбүздөн артчу эмес. Сага үйүмдү көргөзгөндөн уялып жүрдүм. Бирок, туура эмес кылыпмын. Бул менин балалыгым өткөн жер. Сен билишиң керек. Ооба, турмуш-шартыбыз сеникиндей эмес. Бирок, мен тынбай аракет кылам. Ушул үйдү бузуп апама үй салып берем. Дайыма үйүңдү көрсөт дей бересиң. Мына! Мына!

Ызаланып ыйлап жаттым. Жигитим унчукпай үйүмдү карап турду. Анан мени кучактады.

- Акылсызым десе, мен сени жакшылап билгим келди. Кайда жашайсың билгим келди, кантип жашайсың эмес. Сен баскан жерлерди бассам, сага дагы жакыныраак болом деп ойлодум. А сен туура эмес түшүнүп алдың. Тарт мурдуңду. Жүр, балмуздак алып берем. Баса, бул мен көргөн үйлөрдүн эң сонуну болду. 

Апамдын туулган күнүндө бир айга пансионатка жолдомо берген. Анан ал кеткенден кийин минтип үйдү ремонттоптур. Мага дагы айткан эмес. Жумушта кармалып калдым деп эле кеч келчү. Эми минтип сюрприз кылып отурат. Бул жакшылыгын эч качан унутпайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт