// //

Оору укукту билеби?

2018.01.18, 09:03
1798

          Мен 15 жаштамын. Түнкү клубка барып эс алсам болобу?

Үй-бүлөлүк кодекске жана биз тараптан ратификацияланган адам укуктарынын конвенциясына ылайык 18 жашка чейинкилер бала болуп эсептелинет.

Демек, жашы жетелек өспүрүмдөрдүн ден-соолугун коргоо укук нормаларын баардык юридикалык уюмдар жана физикалык жүздөр аткарышы керек. Түнкү клубдар сыяктуу кооптуу жайлар 15 жашка чейинкиби же жогору болобу ага психикалык жана физикалык коркунуч туудурат. Ошондуктан, 15 жаштагы өспүрүмдү түнкү клуб администрациясы эс алуучу жайга киргизээрден мурун анын документтерин текшерип, укугунун бузулуп жана ден-соолугуна зыян келип жатканына жооп берүүгө автоматтык түрдө даяр болушу керек. Сиз эс алууга барган күндө дагы, документиңиз жоктугунан жана дагы баардык эле эс алуучу жайлар сиз үчүн милдет алгысы келе бербегендиктен кире албайсыз.

           Мен 14 жаштамын. Ден-соолугум начар болгондуктан, көп ооруйм. Сиздерден сурайын             дегеним оорулуу бала кандай укуктарга ээ?

Саламаттыкты сактоо жана жаш балдарды социалдык жактан коргоо мыйзамдарына ылайык мамлекет бюджеттик каражаттан оорулуу балдарга бекер медициналык текшерилүүгө жана дарыланууга акча бөлүп бергендиктен, сиз бекер медициналык жардам алууга укуктуусуз. Эгерде бала медициналык кароого дайым муктаждыгы бар майып болсо, оорусунун биринчи же экинчи тобуна ылайык атайын бекитилген пособияларды ала алат. Ошондой эле оорулуу бала жакшы медициналык кароого, мамилеге укугу бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт