// //

Аялды жыныстык катнашка мажбурлоонун кесепеттерин сексолог айтып берет

2021.06.28, 10:13
8527

Bilesinbi.kg сайтынын редакциясына айымдардан “каалабасам дагы күйөөм жыныстык катнашка барууга мажбурлайт” деген суроолор келип түшөт. Аларга жооп алуу үчүн сексолог жана психолог Наталья Ивахникке кайрылдык.

Көп учурда секске мажбурлоого ким дуушар болот?

Статистикаларга көз чаптырсак, аялдар коомдун аярлуу катмары болуп саналат. Ага ылайык, үй-бүлө, балдар, үй жумуштары менен көбүнчө алар алектенет. Бул нерсенин айынан кандайдыр бир деңгээлде эркекке көз каранды болушат. Ал эми, көз каранды адам, ар кандай манипуляцияга, басынтууга, зордуктоого (психологиялык жана физикалык) чалдыгат.

Демек, көп учурда аялдар секске мажбурлоого дуушар болот деп айтсак болот.

Жыныстык катнашка мажбурлап жатканын кантип билсе болот?

Биринчиден, сексуалдык каалоо болушу керек. Эгер сексуалдык каалоо жок болсо жана өнөктөшү тарабынан бул эске алынбаса, анда мажбурлоо болуп саналат. Экинчиден, жыныстык катнашка вербалдык жана вербалдык эмес макулдук берүү керек. Мисалы, сөз менен “мен сени каалайм” деп айтат же жөн гана кучактап, кыймыл-аракеттери аркылуу билдирет. Өнөктөшү түртүп, жанына жолотпогон каршылыгын этибарга албаса, анда бул дагы мажбурлоо.

Ошондой эле, мажбурлоо – адам баш тартса кандайдыр бир жаза аларын билет жана ага  “ооба” же “жок” деп айтууга тандоо калтырылбайт.

Кандай аялдар жыныстык катнашка барууга көбүрөөк мажбурланат?

Мен бул суроого психологиялык таризден жооп берет элем. Психологияда бир нече терминдер бар, мисалы, “диссоциация” – бул аял ичинен муктаждыктарынан, каалоолорунан өзүнчө бөлүнүп калган, так эмне каалаарын билбейт, эмне болуп жатканын көп аңдабайт. Ушул сыяктуу айымдар мажбурлоого дуушар болот. Ошондой эле, кичинесинен алган тарбиясы таасир берет, мисалы, көпчүлүк кыздарын чыдамдуу бол деп чоңойтушат. Бул жерге каалоолоруна багыт алалбаган, жеке чегин коргой албаган айымдарды дагы кошсок болот.

Жыныстык катнашка мажбурлоо эмнеге алып келиши мүмкүн?

Эгер адам бир нече жолу жыныстык катнашка барууга мажбурланса жана ал мажбурланганын аңдап, бул туура эмес жана алгач өзүнүн каалоолорун эске алуу керек экенин билип, бир тыянак чыгарса, анда бул ага тажрыйба болуп берет.
Ал эми мажбурлоого такай дуушар болсо, сексуалдык бузулууларга чалдыгат: секске кызыгуусу жоголот, оргазм алалбайт, каалоосу төмөндөйт ж.б. Бара-бара сезимдерине кол шилтеп коет, бул басынуу менен жашап, жыйынтыгында секске кайдыгер карап калат. Кайдыгерлик жек көрүүгө, коркууга ж.б. абалга алып келет. Депрессияга чалдыгат, жашоого болгон кызыгуусун жоготот.

Жыныстык катнашка барууга мажбурлагандар кимдер?

Дени сак адам жыныстык катнашка барууга мажбурлабайт. Ал үчүн сүйгөнүн багынтып, көңүлүн алып, макулдугун, каалоосун сурап кумар алуу маанилүү. Мажбурлаган эркектер – бул абьзерлер (абьюзер  - курмандыгына кордук көрсөткөн адам. Ал жакын тууганы, жумуштагы кесиптеши, досу, кыскасы, каалаган адам болушу мүмкүн. Эрежеге ылайык, зордукчу адамдарды жана аларга кандайча таасир этип, кантип басым көрсөтүүнү жакшы билет. "Токсичный" мамилеге кирүү оңой, бирок чыгуу кыйын.) Абьюзерлер өзүнүн чектерин  билбейт, башкалардын чектерин сыйлабайт, мажбурлоодон башка жол бар экенин, эки тараптын макулдугу менен ишке ашкан секс алда канча кумар тартууларын аңдашпайт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт