// //

Конок тосуп жатсак, жеңем ашканада бийлеп жатыптыр

2021.06.24, 15:58
8300

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менин окуям кыска эле. Ошентсе дагы силер менен бөлүшкүм келди. Чыгарып берсеңер сүйүнөм, чыгарбасаңар кайгырбайм. 

Быйыл 10-класс болом. Үйдүн эрке кызымын. Атам менен апам көзүмдү карап турат. Байкем каалаганымды алып берет. Ошентсе дагы чекти билем. Мен китепке же жол киреге эле акча сурайм. Курбу кыздарым деле жок. Акылдууларды көбү жактыра беришпейт экенин билем.

Мектептен чыгып алып үйгө келем же курска барам. Апам менин өзүнчө дүйнөм бар экенин айтат. Анысы чын. Ал жакка өзүм жактырбаган адамдарды киргизбейм. Бирок, жеңемди киргиздим. Анткени, ал менин биринчи курбум.

"Чоң кыз, чоң кыз, боорсок менен шорпо алып келип берчи." Көшөгөдө отурган. Терезесинин түбүнөн өтүп баратсам жеңем ушинткен. Унчукпай сураганын алып келип бердим.

- Тамак ичпей чыккам, аябай ачка болдум. Рахмат. Сенин атың ким?

- Айбийке.

- Бул үйдөгүлөр тууганыңбы? 

- Кайын сиңдиңиз болом.

- Аа койчу. Сиңдим жок эле, сонун болбодубу. Дагы шорпо куюп келип берчи, даамдуу экен.

Тартынбаган, шыпылдаган жеңе болуп чыкты. Шашып эле басып жүрөт. Бир убакта көп иш бүтүрөт. Албетте, келин менен кайын эне дароо тил табыша албайт. Апам экөө бирде тартышса, эртеси күлүп чай ичип отурган болушат. 

Бир жолу үйгө коноктор келген. Атамдын аяштары. Жетишпей эки жакка чуркап жүргөнбүз. Бир маалда ашканага кирсем жеңем бийлеп жатыптыр. Ушундай берилип алыптыр. Мени көрүп өзүнө тартты. Мага эмне, ага кошулуп бийлей бердим. Байкем кирип келип калды.

- Ай, силерге эмне болду. Жетишпей жатсак. Болгула, чай күтүп калышты.

- Жаным, мен бүгүн бактылуумун, бактылуумун.

- Эмне болду?

- Апам мени коноктордун көзүнчө мактады. Бул сонун экен. Ушундай сүйүндүм. 

Көрсө апам жеңемди биринчи жолу мактаган экен. Жеңем түнү менен салат жасап чыккан. Мээнетинин акыбетин алып кубанган тура. 

Кечинде апама жеңемдин сүйунгөнүн айтып, көбүрөөк мактап туруусун сурандым. Апам ойлонуп калды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт