"Балага сүйүнчү" жөлөкпулу канча күндө берилет?
Саламатсызбы! Менин төрөгөнүмө эки ай болуп калды. "Балага сүйүнчү" жөлөкпулуна документ бергениме 10 күн өттү, дагы деле ала элекмин. Негизи канча күндүн ичинде алабыз? Берилбей калышы мүмкүнбү?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! "Балага сүйүнчү" жөлөкпулу эки жумуш күндүн ичинде чечилет. Бул жөнүндө сизге СМС билдирүү келиши керек. Балким уюлдук телефондун номери туура эмес көргөзүлүп калган же башка кандайдыр бир катачылыктар бар. Документтерди тапшырган жериңизге барып тактап көрүңүз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.