// //

Келиним “кайын атама деп” балдарым алып бербеген нерсени алып берди

2021.06.16, 17:03
13370

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Чындап эле магабы? Чындап элеби? Чынбы? Көз жашымды кармай албадым. Байбичем дагы мага кошулуп жашыды. Колумда документтери турса дагы ишене албадым.

Ушул келинибизди өзгөчө жакшы көрөбүз. Тыпылдап баарына жетишет. Үйгө келсе “ай, кандайсыңар анан” деп кирип келип, божурап ар нерсени сүйлөп баштайт. Айылда зеригип отурган кемпирим экөөбүз жандана түшөбүз. Ар дайым жакшы көргөн конфетибизди ала келет. Келинибиз келатат деп атайын семиртип баккан тоогубузду союп даярдап күтүп отурабыз. Той-топурга барып бир ай бою чогулткан конфеттерибизди алып чыгабыз.

Кызыбыздай эле болуп калды. Уулубуз алып келген күнү эле көңүлүбүзгө жаккан. Өз оюн бербеген, тың, бирөөгө жагууга аракет кылбаган, бетке айткан кыз. “Апеей, андай болбойт” деп күлдүрүп турат. Уулум экөөнү шаарга өз алдынча бөлүп узатып жатып, балабыз эмес, келинибиз кетип жатканына жаман болгонбуз. “Азыр Айчүрөк болгондо минтет эле” деп байбичем экөөбүз көп эстейбиз. Шаарда жумуш көп, жаштардын колу бошобойт, аны туура түшүнөбүз. Жаш кезинде иштеп алышсын. Анткени менен баары бир сагынып жол карай беребиз.

Быйыл алтымышка чыгам. Уулдарым менен кыздарым кафеде той өткөрүп берели дешти. Жок дей албадым. Бизден жасанып гана келүү керек болчу. Калганын өздөрү бүтүрмөк. Айткан кафесине кемпирим экөөбүз ээрчишип бардык. Туугандар, достор, кошуналар эбак ошол жакта экен. Той ортолоп калганда келинибиз баарбызды сыртка чакырды. Чыксак кыялымдагы машина турат. “Ата, бул менин атымдан, эми жөө баспайсыз” деп ключун тапшырды. Кырк жыл жөө басып жүргөн жаным көргөн көзүмө ишене албадым. Ооба, машина айдагым келчү. Бирок, балдарды багыш, кийин окутуш керек болду. Айлыгым үй тиричилигинен артпады. Кудум кыялымдагы машина.

Мага кошулуп коноктор жашыды. Рулга отургузуп документин берди. Колдорум калтырайт. Эми мага сый көрүүгө убакыт келгенин билдим.

Келиним берген машинаны айдап, алдына байбичемди отургузуп алып шаарга баратабыз. Бүгүн уулумдун туулган күнү, сюрприз кылалы деп жолго чыктык. Узак жолго биринчи жолу айдашым, коркуп дагы, толкунданып дагы жаттым.

Машинама мактанайын деген жокмун. Келиниме рахмат айткым келди. Тыпылдап эле ушинтип жүрө бер кызым. Сени келин эмес, кыз кылып алганыбызга сүйүнөм. Сыйың үчүн чоң рахмат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт