Урологго баргандан уялып жатам. Мен эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен урологго баргандан уялып жатам. Досторумо урологго барышым керек эле десем, “сифилис” болдуңбу деп күлүштү. Биздин айылда урологго баратам десең, сени башкача карап калышат. Натыйжада, көптөгөн досторум барышпайт. Урологго баргандан уялам, бирок бөйрөгүм ооруп жатат. Мен эмне кылсам болот?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Кутмандуу күнүңүз менен!
Учурда оор абалда турасыз: ден-соолугуңузга тынчсызданып жана урологго болгон сапарыңызды башкалар кандай кабыл алат деп кабатыр болуп жатасыз.
Сизди башкалар ойлобойт, аларга бул нерсе эч кандай таасир бербейт. Бул жерде сиз өзүңүздү стресске чалдыктырып жатасыз.
Врач менен пациенттин мамилеси кыйла интимдүү болуп саналат. Дарыгер бейтап жөнүндө маалыматты анын макулдугусуз ачыкка чыгарбашы керек. Кааласаңыз, бул жөнүндө ага бир жолу эскертип, сыр араңарда калышын айтып койсоңуз болот. Бул этика дагы, юридикалык жоопкерчилик дагы. Эгер андай болбосо, анда укуктарыңызды бузганы үчүн мыйзамдуу түрдө жоопкерчиликке тарта аласыз.
Анын үстүнө, сиз башка жерге же дарыгерге кайрылууга укугуңуз бар.
Сиздин ден-соолугуңуз - бул баалуулук. Бул жерде уялуунун кереги жок. Көйгөйдү чечүү керек.